www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Швециялык активист Грета Тунберг өзүнүн социалдык түйүндөрүндө мектепти аяктаганын, ошондуктан ал мындан ары мектептерде каршылык акцияларды уюштура албай турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.

“Бүгүн мен мектепти аяктап жатам, демек, мен мындан ары климат үчүн каршылык акцияларды уюштура албайм. Ошондуктан, бул менин мектептеги акыркы акциям”- деди Грета.

Анын айтымында, ал уюштурган каршылык акциялар мынчалык көңүл буруп, бүтүндөй “Fridays for Future” кыймылын түзүүгө алып келет деп күткөн эмес. Ошол эле учурда ал өз ишмердүүлүгүн токтотуу ниети жок экенин жана жума күндөрү каршылык акцияларды уланта берерин кошумчалады. Анын пикиринде, коом экологияны сактоо жагынан дагы эле туура эмес багытта бара жатат.

Эске сала кетсек, Тунберг 2018-жылы дүйнөдөгү экология маселесин көтөрүп чыгып, атагы чыккан. Андан кийин ал климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөштүн жетишсиздигине нааразылык билдирип, Швеция парламентарийине каршылык акция уюштурган. 2019-жыл ал Time журналы тарабынан жылдын адамы деп табылган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости