www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулукта кызуу талкууга алынган "түкүрүнгөн күйөөсүнө болушкан аял жөнүндөгү" окуяга Дайырбек Орунбеков төмөнкүдөй коментарий берди:

"Түкүргөн аялды милиция сүйрөп кетти деген видео тарап, ал катуу талкууга алынып жаткан. Көрсө, ал маалымат жалган экен. Окуя Ош базарында деле болбоптур, Ош облусунун айылдарынын биринде. Чырылдап жаткан аялдын күйөөсү заправканын жанында тамеки чегип жаткандыгына байланыштуу милициялар аны түшүнүк кат жазып бер суранышса, аялы ортого түшүп, баруудан баш тартышып бири-бирин сүйрөшкөн. Окуяны бурмалап, заматта өлкө боюнча чуу салып жибергендерге бир чети баракелде!

Кээ бирөөлөр муну саясий максатта президентти жаманатты кылуу максатында колдонду. Көпчүлүк алардын жалган маалыматына ишенди. Жат көрүнүштөр менен күрөшүүдө мынтип жалган маалымат таратып, тосколдук кылбасак! Өсөлү, маданиятыбыз жогоруласын дегендин ордуна, түкүрөлү, көрүнгөн жерде тамеки чегели, жол эрежесин каалагандай бузалы дегендер арбын экен тилекке каршы. 

Мыйзамга нааразы болуудан мурда, бузбаганды адат кылбайлыбы?! Өлкөгө тартип керек деп чуулдайбыз, ооз эки тартипке чакырса эч ким укпайт. Катаал жаза менен тартипке келтирели десе, ар кайсыга бурмалап нааразы болобуз"- дейт өз сөзүндө Дайырбек Орунбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости