www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Теле алып баруучу Назира Айтбекованын кезектеги эч кимдикине окшобогон ой толгоосун сиздер менен бөлүшүүнү эп көрдүк.

Алып баруучу өзүнүн ой толгоосунда төмөнкүлөргө токтоло кеткен.

"Көпкөк асманды, күндүн нурун качан баалайбыз? Качан гана канча күндөн бери сур булут каптап, нөшөр төгүп, бороон чапкын болуп, анан гана сагындырып чыкканда гана жыргайбыз. Тескерисинче нөшөрдү, жамгырды, сур булутту да сагынган учурубуз болот. Күн кактап, мээбизди кайнатканда эңсейбиз. Суунун кадырын эч ким сезбейт. Чөлгө кептелип, тамчы сууга зар болуп, шилекейиң чыкпай, оозуң кургап, каның катып калган мезгилде бир кочуш суу берсинчи! Өмүрүңдө сезбеген суунун даамын, ырахатын сезесиң!

Аялың миң сулуу, колунан көөрү төгүлгөн, колунан тамактын түрү келген, төрт тарабы төп келип турсун күндө аны көрө берип, тажап калган учуруң болот. Көргүң келбей көчүккө тээп каласың. Качан гана жоготуп алган соң, ушундай орду жоктолот.

Эриң Ален Долон болгон күнү да, көзүң кулагың, мурдуң, денең көнгөн соң, өзгөчө кайда кетмек эле, меники да деген ишенич 100% турганда түрткүнчүк болуп калат!

Балаңа оюнчук сатып берсең, башында укмуш ойнойт кызыгып. Кызыгуусу тараганда көрүнгөн жерде сынып кала берет. Биздики адамдардыкы кызыгуубуз тараганча эле окшойт.

Ошон үчүн Жараткан колубуздагынын баркын сездириш үчүн ак - кара, өйдө - ылдый, оомал - төкмөл дүнүйөнү берген окшобойбу?! Баркын билбей, көзүбүз май басканда алып коет колубуздан. Бырбыйып бырыш басканда гана жүзүңдү жаштыгыңдын жалынын сагынасың! Өнтөлөп ооруп, жаныңды тишиңе тиштеп турганда гана ден соолуктун баасы чыгат. Өлүмгө бир карыш калганда гана өмүрдүн даамы келет. Сөзсүз эле жоготкондо билбей, жогото электе баркын сезүүнү адатка айландыруубуз кажет. Бири бирибиздин баркыбызды, жакшы адам экенибизди, же бир адамдын таланттуу экенин сезиш үчүн сөзсүз эле өлүш керек эмес. Тирүүлүктө жылуу сөз айтуу ушунча кыйын бизге!

Өзүмдү тарбиялай баштадым. Күндө суу ичкенде, тамак жегенде ырахаттанып, даамын сезип ичем. Ден соолугума, жаштыгыма ырахмат айтам миллион жолу! Жылуу сөз аянбайм. Көргөн адамыма комплимент айтып, сезимимди билдирем. Жакындарымдын көңүлүн ооруткандан алыс болом.

Муну жасаш оңой болбойт. Миң унутуп, көнгөн эски адатка түшөсүң, бирок аракет керек! Мен өзгөрүүгө кириштим. Сенчи?"

Булак: NazarNews.kg

Последние новости