www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Башкы прокуратурасы камактагы жарандык активист Муратбек Тунгышбаевге коюлган айыпты өзгөртүү боюнча Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өтүнүч жиберди.
Тунгышбаевдин Кыргызстандагы адвокаты Нурбек Токтакуновдун “Азаттыкка” кабарлашынча, Тунгышбаевге буга чейин Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин 405-беренеси ("Экстремисттик уюмдун ишине катышуу") боюнча айып тагылган. Коңшу өлкөнүн башкы көзөмөл органы учурда аны 256-беренеге ("Терроризмге үгүттөө же терроризмге ачык чакырык таштоо") өзгөртүүнү суранууда.
Адвокат биринчи берене боюнча айыпталуучуну үч жылга чейин соттоо каралса, экинчи берене боюнча 12 жылга чейин кесилиши мүмкүн экенин билдирди.
Жактоочу Токтакунов Кыргызстандын Башкы прокуратурасын казак тараптын суранычын канааттандырбоого чакырды.
25-июнда Бишкектин Октябрь райондук соту казакстандык активист жана блогер Муратбек Тунгышбаевди экстрадициялоо тууралуу Башкы прокуратуранын чечимин колдогон. Эртеси Улуттук коопсуздук комитети казак жараны өз мекенине өткөрүлүп берилгенин билдирген.
Казакстанга жеткирилген Муратбек Тунгышбаев тергөө аяктаганга чейин эки айга камалган. Активисттин адвокаты Гүлнара Жуаспаеванын билдиришинче, Алматынын Алмалы райондук соту адегенде Тунгышбаевди үй камагына алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бирок прокуратуранын нааразылыгынан кийин ишти шаардык сот карап, Тунгышбаевди эки айга камоону чечкен. Ал учурда Алматынын тергөө абагында отурат.
Кыргыз бийлигинин блогерди Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу шашылыш чечими жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулардын кескин сынына кабылган.
“Human Rights Watch” (HRW) укук коргоо уюму Кыргызстан мындай чечимди кабыл алуу менен эл аралык милдеттенмелерди этибарга албай жатканын эскерткен.
"Кыргызстан Тунгышбаевдин башпаанек сураганына карабастан, экстрадиция тууралуу чечимге даттанууга мүмкүндүк бербестен, Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берди” деген эл аралык уюм активист өз өлкөсүндө “ырайымсыз мамиле менен кыйноого дуушар болуп калышы мүмкүндүгүн” баса белгилеген.
Казакстандын “Тең укуктуу журналисттер” федерациясынын президенти Розлана Таукина “Азаттык” менен болгон маегинде блогер жалган жалаа менен айыпталып, “саясий куугунтукка” кабылганын айткан.
“Бийликке ыңгайсыз болуп калган соң бүгүн Муратбекке “ал “Казакстандын демократиялык тандоосу” деген кыймылдын жактоочусу” деген жалаа жабышууда” – деген укук коргоочу Астананын бул жүйөсү аны өткөрүп алышы үчүн гана “негиз болуп жатканын” белгилеген. Аны менен катар блогердин экстрадицияланышы “эл аралык мыйзамдарга каршы келээрине” токтолгон.
Ал расмий Бишкекти "Казакстан чек араны кайрадан жабат, Кыргызстанга каршы мыйзамсыз чараларга барат" деген коркунучтардан улам саясий макулдашууга барып жатканын сындаган.
Таукинанын белгилешинче, Тунгышбаевдин Жаңы-Өзөн окуясындагы ролу өзгөчө. Ал 2011-жылкы кандуу кагылышты биринчилерден болуп чагылдырып, окуянын күбөлөрүнүн айткандарын тасмага түшүргөн. Каршылык акциясынын катышуучуларын полиция кубалап, ал түгүл жыгылып калгандарына ок чыгарганы тартылган таанымал тасманы жергиликтүү тургундардан Тунгышбаев алып келген.
Блогер алты-жети сайт ачып, Кыргызстанда камакка алынганга чейин алар аркылуу өз материалдарын жарыялап келген. Куугунтук башталган кезде ал өзү Кыргызстанга, ал эми өнөктөшү Киевге качууга аргасыз болушкан.
Сот жүрүп жаткан маалда Тунгышбаев саясий көз карашынан улам экстрадициялоого дуушар болуп жатканын отургандарга айтып калууга үлгүргөн. “Мени адам өлтүргөнүм, бирөөнү алдаганым же бирөөнү зордуктаганым үчүн эмес, мени саясий көз карашым үчүн экстрадициялаганы жатышат. Мени "Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылы менен иштешкен деп айыптап жатышат. Мени демократиялык баалуулуктарды: сөз эркиндигин, мыйзам үстөмдүгүн, таза шайлоолорду өткөрүүнү айтып жүргөнүм үчүн куугунтуктап жатышат” – деген темир тор артында турган блогер.
Муратбек Тунгышбаевдин соту
Блогердин кармалышына байланыштуу 26-июнда Бишкекте “Тунгышбаевдин иши – кыргыз демократиясынын сынагы” деген атылышта тегерек үстөл өткөн.
Анда саясий ишмер Равшан Жээнбеков казак активисттин сот ишинде коңшу өлкөнүн бийлигинин кысымы байкалганын айтып, “эгер Кыргызстан демократиялык мамлекет болсо, Тунгышбаевге окшогон кылмыш кылбаган, башка саясий көз караштагы адамдарды бербеши керек. Бул Кыргызстандын эл аралык аброюна аябагандай доо кетирет”, – деген.
Жыйындын катышуучулары соттордун мурдагыдай эле “саясий буйрук аткарып жатканын”, сот менен укук коргоо органдарын реформалоо маселеси актуалдуу бойдон турганын бир ооздон белгилешкен.
Бишкектеги талкууга катышкан жарандык коом өкүлдөрү “мыйзамсыз чечим чыгарган соттордун атайын реестри” түзүлөрүн жарыялашкан.
“Коомдук анализ институтунун” директору Рита Карасартова “Биз мыйзам бузган судьялардын “кара тизмесин” түзөбүз. Аларды мыйзам чегинде жазага тартуу боюнча бардык аракеттерди көрөбүз”, – деген талкуу маалында. “Атамбаевдин учурунда болгон башаламандык Жээнбеков келгенде токтойт, башка адам келди, эми эл аралык аренада бизди уят кылбайт” деп кол чапкан элек. Бирок биздин өлкөдө эч нерсе өзгөргөн жок”, - деп укук коргоочу бийликти кескин сынга алган.
Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун акциясы. 26-июнь, 2018-жыл.
Тунгышбаевди Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 10-майда Казакстандын Башкы прокуратурасынын өтүнүчү менен кармаган.
Ал коңшу өлкөдө тыюу салынган “Казакстандын демократиялык тандоосу” кыймылын колдойт деп айыпталган. Бозгунда жүргөн казак олигархы Мухтар Аблязов түзгөн кыймылды казак бийлиги 18-мартта “экстремисттик уюм” деп тааныган.
Казакстандын мыйзамына ылайык, блогердин күнөөсү аныкталса, алты жылдан он беш жылга чейин кесилип кетиши мүмкүн.
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы аны Казакстанга өткөрүп берүү боюнча токтом кабыл алып, бирок Тунгышбаевдин жактоочулары ал токтомду жокко чыгарууну талап кылып, Октябрь райондук сотуна арыз менен кайрылган. 25-июнда судья Чыңгыз Адамкулов адвокаттын арызын четке кагып, башкы көзөмөл органынын токтомун күчүндө калтырды.
Булак: "Азаттык"