www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарындагы суу менен камсыздоо жана канализация системаларын өнүктүрүүгө административдик-аймактык реформанын алкагында 2026-жылы 9,5 миллиард сом бөлүнөт.
Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев Свердлов районунун тургундары менен болгон жолугушууда билдирди. Анда шаардыктар ирригациялык жана дренаждык системалардын начар иштеши боюнча маселелерди көтөрүшкөн.
Жолугушууда ирригациялык жана дренаждык системалардын начар абалы, нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин районду дайыма суу каптап жатканы, балдар аянтчаларынын жоктугу жана балдар үчүн коомдук жайлардын жетишсиздиги тууралуу көйгөйлөр айтылды.