www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркия НАТО күрддөрдүн “Элдик коргоону отряддары” менен күрөшүүдө Анкарага керектүү саясий колдоо сунушун киргизмейинче, анын Польшага жана Балтика өлкөлөрүнө Орусия кол салганда коргоо планын колдоодон баш тартты. Бул тууралуу орусиялык маалымат булактары жазып чыкты. 

Маалыматка ылайык, Түркия өзүнүн НАТОдогу элчисине кол койбоону буйруп, күрддөрдүн тобун террордук топ деп расмий түрдө таанылсын деп талап кылган. 

Түркиянын Коргоо министрлиги менен Тышкы иштер министрлиги бул тууралуу маалыматка эч кандай комменттарий берген эмес. Анкаранын макулдугу жок НАТОнун аскердик коргоо планы  Польша, Латвия, Литва, Эстония өлкөлөрүн коргоону бекемдөө кыйын болушу мүмкүн.

Ушул жылдын октябрь айында Түркия Сирияда күрддөрдүн жумушчулар партиясына каршы жана Орусиядагы тыюу салынган “Ислам мамлекети” тобуна каршы аскердик операциясын жүргүзгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости