www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Раимди камоо талабы менен өткөрүлгөн митингге кандай карайсыз?

- Сиз өзүңүздүн сурооңуз менен кайра эле жооп берип койдунуз. Башкы кеп - митинг Раимди камоону талап кылды. Маевский дагы Текебаевди камоону талап кылган, ал жок дегенде көрсөтмө берген, документтерди көрсөткөн... а бул жерде Раимди камоону митинг талап кылып жатат! Бул эмне? Бул кыргыз демократиясындагы кандайдыр бир ноу-хау. Мен митингдин уюштуруучуларына кийинки митингди уюштураарда "оорукчан кыялыңар менен эмес, башыңар менен ойлонгулачы, сураныч"-дейт элем... Алгач расмий иликтөө керек, сот болуп, андан кийин отургузуу керекпи же жокпу чечилиши керек. Иш албетте 1937-жылдагыдай абалга жетпеди, ал убакта үч адамды беш мүнөттө атууга өкүм кылышкан, бирок эгер бул кыргыз демократиясындагы ноу-хау митингдин уюштуруучулары мындан ары да ушундай логикада кете беришсе, анда бул Линч соту менен аяктайт, башкача айтканда примитивдүү самосуд болот! Ошондо Кыргызстан дароо Ооганстанга, Ливияга, Судан, Сирияга - талаа командирлеринин өлкөсүнө айланат. Соцтармактардын колдонуучулары жана флешмобдун суйүүчүлөрүнө өлкөбүздүн ушундай келечеги жакпаса керек.

- Сиз кандай ойлойсуз, бул саясий жаңжал эмне менен аяктайт?

- Ар бир нерсенин аягы бар... 2020-жылдын октябрында болчу парламенттик шайлоого чейин бул саясий шоунун түгөнүшү кыйын... а парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин ал жазгы кардай ээрийт... "Азаттыкка" албетте, респект- ыраазычылык, бажы тармагындагы коррупция темасын көтөрүштү, ал жакта баарын түп-тамырынан өзгөртүү керек, телефон аркылуу коркутуу фактысы боюнча прокуратура жана укук коргоо кызматтары ким коркутуп жатканын табышы керек жана фактыларда аты аталгандардын баарына укуктук баа берүүгө тийиш. Мунун баарын коомчулуктун көз алдында ачык-айкын ишке ашырууга милдеттүү. Биз баарыбыз журналисттерге унчукпай отура бербей укук коргоо кызматтарынан өздөрүнө ылайыктуу эмес, коомчулукка керектүү деңгээлде кыймылдоосун талап кылып жатышканы үчүн рахмат айтышыбыз керек.

Булак: "Майдан.kg"

Последние новости