www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы АКШ элчилиги дагы мамлекетке милдеттүү түрдө төлөй турган салыктардан жана социалдык төлөмдөрдөн качып келе жатканы тууралуу кызык маалыматтар колубузга тийди. «Демократиянын атасы» атыккан Американын элчилиги ушундай кылып жатса, анда аларды карап түздөнүү туура болобу?

Колго тийген документтерге караганда, Кыргызстандагы АКШ элчилигинде Кыргызстандын 200 жараны эмгектенет. Алардын орточо бир айлык эмгек акысы 1500 АКШ долларын түзөт. Ал эмгек акылары банктык карталарына (АКШ элчилиги Кыргызстанда бул максатта KICB жана Demir Bank банктарынын эсебин пайдаланат) которулат.

Салык мыйзамына ылайык, америкалык дипмиссия тарабынан жалданган жергиликтүү персоналдар үчүн милдеттүү салыктар жана төлөмдөр салык төлөнбөй турган (неблагаемой части) бөлүгүнөн сырткары киреше салыгы 10%ды түзөт. Андан сырткары Социалдык фондго ар бир кызматкердин айлык акысынан 27,25% (10% кызматкердин эсебинен, 17,25% иш берүүчүнүн айлык акы фондунун эсебинен) төлөм төлөнүшү керек.

Болжол менен эсептегенде, орточо 1500 АКШ доллары эмгек акысынан мамлекетке 284 АКШ доллары төлөнүп турушу керек эле. Ошондо бир жылда бир кызматкерден мамлекетке 3408 АКШ доллары суммасында зыян келип жаткан болот. Ал эми жалпы 200 кызматкерден төлөнүшү керек болгон салык жана милдеттүү төлөмдөрдү кошкондо жылына мамлекет 681 600 АКШ доллары өлчөмүндө зыян тартууда.

Мындан сырткары АКШ элчилиги өзүнүн кызматкерлери үчүн Кыргызстанда жашоосуна кыймылсыз мүлктөрдү ижарага алат. Бүгүнкү күндө АКШ элчилиги 50 чакты кыймылсыз мүлктү Кыргызстандын 36 жаранынан ижарага алат экен. Ал жарандардын арасында бир нече мурдагы жана учурда иштеп жаткан чиновниктер да бар. Мисалы, ЖАМК башчысы М.Турганбаев, экс-ИИМ министрлери А.Суранчиев жана Т.Айтбаев, КР Улуттук банкынын экс-жетекчиси З.Асанкожоева, «Бишкексууканал» ПЭУ жетекчиси Б.Дүйшөмбиев, Улуттук электр станцияларынын кызматкери Ш.Осмонов жана башкалар.

Колубузга тийген маалыматтарга караганда, АКШ элчилигине кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берген кыргыз жарандары жылына ижара акысы катары 25 миңден 90 миң АКШ долларына чейин акча алышат. Ошол эле убакта алар салык төлөшпөйт экен. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына таянсак, АКШ элчилигине кыймылсыз мүлктөрүн ижарага берген 36 жарандын болгону 8и гана өз каалоолору менен патент алышкан. Калгандары эч кандай патент алышпай, мамлекетке милдеттүү төлөй турган салыктарды да жашырып келишет. Муну АКШ элчилиги да жакшы билсе керек.

Ошондо буга тиешелүү укук коргоо органдары эмнеге көңүл бурбайт деген суроо бар. Же Америка элчилиги каалаганын жасай берсе болобу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости