www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Турсунбаев деген барбы?

Бир кезде Бакиевдердин түкүрүгү жерге түшпөй турганда «Ак жол» партиясына кирип, Жогорку Кеңешке депутат болуп саясатка аттанган Азис Турсунбаев деген депутат бар. 2010-жылдагы революциядан кийин «Кыргызстан» партиясына кирип кайрадан депутат болду. Ушунча болуп элдин таламын талашып ооз ачкан учуру болгон жок. Турсунбаев деген депутат бар экенин Чаткал эли да унутуп калды.

Унутканда кандай, барынан-жогу дегендей эле кеп. Анткени дал ушул тапта Чаткалдагы башаламан казылган кендердин кесепетинен суу-дарыялар булганып, экология талкаланып, жергиликтүү эл кен казган Кытай компанияларына абдан нааразы. Турсунбаев болсо оозуна талкан куюп алгандай билмексен. Көрсө, Турсунбаевге тиешелүү да лицензиялар бар тура. «Дудук» болгонунун төркүнү ушул жакта жатса керек...

Анан уялбай журналисттердин суроосуна жооп бере албай бетпактанып корсоңдогонун кантесиң, деп "Фабула" гезити жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости