www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews.kg маалымат агенттиги Турсунбек Акун менен Бириккен Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган эл аралык жыйын боюнча сүйлөштүк.
-Турсунбек мырза, Адам укуктары боюнча жалпы конвенциянын 70 жылдыгы белгиленди. Ал жыйын кандай өттү, кандай маселелер көтөрүлдү?
-Чынын айтыш керек биринчи жолу Адам укуктары боюнча конвенциянын жыйынына Кыргызстанда биринчи жолу президент катышты. Буга чейин мындай жыйындарга президент түгүл, премьер-министр да катышчу эмес. Адам укугу конвенциясынын 60 жылдыгы менин Акыйкатчы болуп турган мезгилиме туш болгон. Анда президент түгүл, премьер-министр да келген эмес. Алардан өкүлдөр гана келген. Бу сапар Сооронбай Шарипович адам укугуна кайдыгер карабасын билдирди. Аталган жыйынга Президент Сооронбай Жээнбеков катышкандан кийин мамлекеттик жетекчилер да катышты. Болбосо буга чейин эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коом жана бирин-экин жогорку кызматтагы адамдар катышчу. Адам укугу боюнча кубанганым. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү адам укуктарын коргоо жаатында абалды жакшыртуу үчүн бийлик колдон келген аракетин жасап жатканын билдирди. Ошондой эле Президент кийинки жылдан тартып күчүнө кирчү бир катар кодекстер адам укуктарын коргоого көмөкчү болорун айтты. Адам укуктарынын жалпы декларациясында сот адилеттигине жана соттук териштирүүлөрдүн ачык-айкындыгына чоң маани берилээрин ошону менен катар, укук коргоо органдарынын өзүм билемдигине жол бербөө аракети башталганын баса белгиледи. Буюрса, 2019-жылы соттук-укуктук реформанын практикалык этабы — жаңы укуктук нормалардын негизинде ишке ашып, жашообуз жаңы барактан башталат деп ишенгим келет. Себеби, камоо жана тергөө иштери, соттук териштирүүлөр, соттун чечимин аткаруу жумуштары кодекстердин жана мыйзамдардын жаңы нормалары менен жүргүзүлөөрүн бул тармакта алгылыктуу аракеттер башталганын президент Сооронбай Шарипович аталган жыйында баса белгиледи. Ошондой эле Жээнбеков "мамлекеттин негизги милдети - адам укуктарын коргоо"- деди.
-Аталган жыйынга президент баштап катышып, жакшы жөрөлгөнүн башаты болуптур. Ал жерде укук коргоочулар жана сиз күткөн маселелерге президент тараптан алгылыктуу жооп алалдыңарбы?
- Мен Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата бийликтен коомдо көтөрүлүп жаткан бир катар талаптар боюнча ишарат болот деп күткөм. Адам укуктары боюнча конвенциянын 70 жылдыгына карата бир катар чечимдер кабыл алынса жакшы болмок деген ойдо болчумун. Ошол эле саясий туткундар, ошол эле куугунтукка кабылган адамдар боюнча ынанымдуу жооп уккум келген. Эгер бийлик мен күткөндөй чечим кабыл алганда эл аралык коомчулук да туура түшүнүп, өлкөнүн кадыр-баркына оң таасир тийгизмек. Эмнегедир андай болбоду. Бирок, адам укугун коргоо жатында мыйзамдарга өзгөртүү киргизилери, адам укугун коргоо аракети көрүлөөрү ачык айтылды.
-Эми Адам укугун коргоо жатында жаңы мыйзамдар кабыл алынса эле иш биз ойлогондой болуп, мамлекетте адам укугу корголо баштайбы?
-Кандай болгон күндө да баштагыдай кыйноо болбой, адам укугу корголот. Жакшылыктан үмүт кылсак, буюрса баары жакшы болот деген үмүтүм бар.
-Турсунбек мырза, адам укугун коргоо жатында дасыккан адиссиз. Кимдер тарабынан адам укугу көбүрөөк бузулат?
-70 пайыз адамдын укугу укук коргоо, сот, тергөө органдары тарабынан бузулат. Соттор туура эмес чечим чыгарат. Мойнуна алдырыш үчүн ишти жабабыз деген аракетте укук коргоо органдары тарабынан күнөөсүз адамдар ур-тепкиге алынган бир топ мисалдар бар. Кыскасы, кыйноого кабылгандар көп. Ошондуктан, адам укугун коргоо жатында президент сөз кылган иштин өтөөсүнө чыгышыбыз керек.
-Биз 70 жылдыгын белгилеп жаткан конвенцияны дүйнө жүзүндөгү бардык эле мамлекеттерде кабыл алынганбы?
-Демократияга багыт алып, кабыл алганы бар. Кабыл албай өз алдынча жашагандары да бар. Биз КМШ жана Орто Азия мамлекеттеринде демократияга багыт алган, адам укугун коргоо конвенциясынын алкагында иш кылган алдыңкы мамлекеттерденбиз.
Булак: NazarNews.kg