www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-декабрда, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын имаратына барды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Мамлекет башчысына Жаш Гвардия бульвары 57 дарегинде жайгашкан УТРКнын административдик корпусу, ошондой эле ар кайсы жылдары курулган аппараттык-студиялык комплекс жана техникалык жайлар каржылык мүмкүнчүлүктөр чектелгенинен жана тиешелүү деңгээлде кароонун жоктугунан улам канааттандырарлык эмес абалда болуп келгендиги тууралуу маалымат берилди.
Өлкөнүн башкы мамлекеттик телеканалы катары Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын стратегиялык маанисин жана анын туруктуу иштешин камсыз кылуу зарылдыгын эске алуу менен Президент Садыр Жапаров 2023-жылы УТРКнын инфратүзүмүн капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 307 млн сом бөлүү тапшырмасын берген.
Жүргүзүлгөн иштердин алкагында радио борбордун, редакциялык жана көркөм цех корпустары, административдик блоктун жана аппараттык-студиялык комплекстин фасады толук жаңыланган.
Ички бөлмөлөрдө да олуттуу өзгөрүүлөр болду: ашкана кеңейтилди, ал эми он жылдан ашык пайдаланылбай келген эски кинозал заманбап көп функциялуу конференция залына айландырылды. Ошондой эле ардактуу конокторду кабыл алуу үчүн VIP-бөлмө жаңыланган.
Мамлекет башчысы УТРКнын жаңыланган инфратүзүмү менен таанышып, иш бөлмөлөрүн, түз эфир жана үн жаздыруу студияларын, ошондой эле классикалык обондорду жаздыруу үчүн залды көрүп чыгып, анда А. Жумахматов атындагы Мамлекеттик академиялык симфониялык оркестрдин аткаруусундагы чыгарманы укту.
УТРКнын башкы директору Улан Сатиев учурда студияны модернизациялоо жана залдын акустикасын жакшыртуу зарылдыгын билдирди. Ошондой эле телерадиокорпорациянын кызматкерлеринин иш бөлмөлөрүндө оңдоо иштерин аягына чыгаруу кажет.
Президент Садыр Жапаров телеберүү жана радиону техникалык модернизациялоонун алкагында жабдууларды мурда каралгандай төрт жылда эмес, бир жыл ичинде сатып алуу маанилүү экенин баса белгилеп, УТРКны реконструкциялоону толук бүтүрүү үчүн зарыл каражаттарды табууну тапшырды. Ал каражаттарды узак мөөнөткө созуп өздөштүрүү техниканын эскиришине алып келип, модернизациянын натыйжалуулугун төмөндөтөрүн белгиледи.
Соңунда Мамлекет башчысы чыгармачыл жамаат менен баарлашып, аларды кесиптик майрамы - Радио жана телекөрсөтүү кызматкерлеринин күнү менен куттуктады. Кызматкерлер өз кезегинде телерадиокорпорацияны өнүктүрүүгө көрсөтүлүп жаткан колдоо жана көңүл буруу үчүн ыраазычылык билдиришти.