www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Каныбек мырза, Атамбаев кечээ маегинде чын ыкласынан элдешүүгө аракет кылганы байкалдыбы?
-Ишенүү кыйын. Ал аракетти реалдуу жасаганына эч кандай далил жок! Өзүн эле ойлоп, жан алакетке түшүп жаткандай. Болбосо, өлкөбүздөгү саясый, маданий, билим, илим иш чаралары өтө эле көп уюшулууда. Ошолорго активдүү катышып, ар бирине өзүнүн оюн айтуу менен баа берип турса, ал кишини ким кой демек эле.
Ар кандай кыйытма сөздөргө жетеленбей, Сооронбай Жээнбеков менен түз эле сүйлөшүп, көйгөй маселелерди чечишип алса ким кой дейт!
- Атамбаев коррупция менен күрөштүн аягы мага такалат, мыйзамсыз баю деген берене менен мени да кылтакка илет деп кооптонуп, элдешүүгө аракет жасаган жокпу?
- Ошондой эле туюлду мага! Анткени, кечээ, Атамбаевдин эң жакын шакирттеринин бири, мурдагы вице-премьер Дүйшөн Зилалиев дал ушул мыйзамсыз баюу деген берене менен камалбадыбы!
Бул Атамбаев үчүн коркунучтуу симптом. Зилалиевдин үйүн тинтишкенде баалуу буюмдар менен ири суммадагы акчалар чыкты. Демек, ал эргул эми кутула албай калды. Демек, тергөө учурунда сүйлөй баштайт. Түз эле Атамбаевдин өзүнө далилдер, фактылар жана көрсөтмөлөр барып такалышы мүмкүн. Коррупция менен Атамбаев жана анын жан-жөөкөрлөрүнүн кандай күрөшкөнүн көрдүк, баштан өткөрдүк. Буга мисал, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Карганбек Самаковдордун жана менин өзүмүн тагдырым. Жаныбызды күйгүзүшүп, жалган жалаа менен камап, соттоп турушту, го! Ошондо, эмнеге адилет болуп азыркыдай какылдап сайрабайт? Тескерисинче, тергөөчү менен соттун ролун тартып алып ММКнан өзү айыптарды тагып, сотторго өзүнүн эркин жана каалоосун таңуулап жүрдү го! Ошондуктан, ал азыр кылтаккка илинип калуудан коркуп, элдешем деп калыптыр. Менимче, президент Сооронбай Жээнбеков эми унчукпай койсо эл аны түшүнбөй калат. Саясий эрк менен, улуттун лидери катары өз пикирин мурдагу досу, максатташы жана аны терең билген киши катары чындыгын ачык айтса, эл баракелде деп түшүнүп ачык колдоп чыгат.
-Экс-президенттин маегин укканда дагы эмнелерди ашыкча айтып алды?
-Ал өтө эле көп мыйзамсыз жасаган иштерин кечээ айтып алды. Мен азырынча бир гана "балп этмесин" белгилейин. Ал айтпадыбы Сооронбай Жээнбековго чексиз ишенип, түштүк боюнча кадрларды тандоону суранганмын деп. Эмне мамлекеттин Кадрларды тандоо кызматы (ГКС) жоюлуп кетти беле? Менимче, андай деле болбосо керек, Президент дагы бул боюнча өз оюн айтуусу керек! Ушуну өзу эле айтып турат. Атамбаев өлкө үчүн чечүүчү маселе болгон кадр тандоону өзу каалагандай бийлеп жүргөн, кайдыгер караган жана мыйзамсыз эле өзү билип, өтүгүн төргө илип жүрө берген. Атамбаевдин кечээги маегинин талкуусун дагы улантып көпкө изилдейбиз, өз ойлорубузду дагы айтабыз, го!
Булак: NazarNews.kg