www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ата Мекен” партиясынын камактагы лидери, мурдагы депутат Өмүрбек Текебаев абактан ооруканага которулду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов билдирди деп жазат “Азаттык”.

- Бүгүн консилиум болуп, Өмүрбек Текебаевге аритмия, стенокардия гипертония деген оорулардын диагнозу коюлуп, Улуттук кардиология борборуна которулду, - деди Шыкмаматов.

Белгилеп өтсөк, экс-депутат быйыл 31-июлда №47 абактан Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна которулуп, неврология бөлүмүндө дарыланган. Августтун этегинде онколог-дарыгерлер ага калкан безиндеги шишикти операция жолу менен алууну сунуш кылышкан. Бирок саясатчы макулдугун берген эмес. Текебаевдин стационарда дарылануу курсу аяктаганына байланыштуу ал 14-сентябрда кайра ооруканадан №47 колонияга которулган.

Эскерте кетсек, Текебаев "орусиялык ишкерден 1 миллион доллар акча алды" деген айыптын негизинде 2017-жылы камакка алынган. Өзү болсо бардык айыптарды четке кагып, муну саясий куугунтук катары баалап келет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости