www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адамкул Азербайжандын абагында

Мамлекеттик бажы кызматынын коррупцияга байланыштуу шек саналып жаткан мурдагы башчысы Адамкул Жунусов Кыргызстанга жеткирилгенче Баку шаарындагы тергөө абагында отурат. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) маалымдады. Учурда Жунусовду алып келүү боюнча документтер толтурулуп бүтүп калды.

10-декабрда Азербайжан соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовду Кыргызстанга экстрадициялоо жөнүндө чечим чыгарган.

Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов кармалганын алгач Азербайжандын “Новая эпоха” маалымат агенттиги жазып чыккан. Андагы маалыматка караганда, Жунусов Баку шаарында Гейдар Алиев атындагы аэропорттон колго түшкөн.

Башкы прокуратура июль айында бажы системасынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана анын негизинде 18-августта Адамкул Жунусовго сыртынан айып коюлган.

Жунусов "2013-2016-жылга чейин Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп турганда бул мекеменин башка адамдары менен туруктуу коррупциялык байланышты уюштурган" деп айыпталууда.

Финансы полициясынын маалыматына ылайык, мындай аракеттердин айынан мамлекет 166 миллион сомдон ашуун зыян тарткан.

Финансы полициясы Адамкул Жунусовго август айынын соңунда издөө жарыялаган. Бишкектин Биринчи май райондук соту аны камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости