www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Турсунбек мырза, ушул жазда кырдаал курчууру, революция жасоону пландагандар бар экени айтылып, Бабановдун тынчтык жол менен келишине шарт түзбөсө, эл толкуйт деген да маалыматтар ачыкка чыга баштады го. Бийликтегилер күтпөгөн жагдай орун алып кетиши мүмкүнбү?

- Негизи кыргыз эли да, кыргыз бийлиги да революциялык жол менен бийлик алмашышына жол бербеши керек. Анткени, революциялык жол Кыргызстанды туңгуюкка гана кептейт. Ошону эстен чыгарбашыбыз керек. Бул биринчиси. Экинчиси, Бабановду эч качан Кыргызстанга келтирбеш керек. Ал кылмышкер. Бийлик менен сүйлөшүп жатабыз деп жатышты эле  УКМК  ал Кыргызстанга келсе эле камалаарын жар салды. Бабанов качып кеткени аз келгенсип, эми  Кыргызстанга келе албай бийликти коркутуу менен убара болуп жатат. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, 5-10 миң киши чыкса эле бийликти алып коёбуз деген сөздөрдү айтып, тымызын аракеттерди көрүп жатышыптыр.

-Сиз Бабановду кылмышкер, Кыргызстанга келтирбеш керек дегениңиз менен анын тарапташтары соттон күнөөсүз экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк бериш керек деп жатышат. Анын Кыргызстанга келээрин Ташиев да бышыктады го?..

 -Камчыбек Ташиев  акылына кирбеген жигит экен. Бабанов менен бириге койду эле   аны пайдаланып туруп, кереги жок маалда ыргытып кетип калды эле го. Эми айласын таппай турган Бабановго барып,  экөө биригип, азыркы бийликке чара көрүү  аракетин баштаптыр деген  маалыматтар айтыла баштады... Сыягы, ошол аракеттерине ишенип, шартыма көнбөсөңөр буларга, тигилерге кошулуп кетем деп намёк берип жаткан сыяктуу.

-Баса, Атамбаев жоопко тартылсын дегендердин катарында жүрөсүз. Президент Сооронбай Жээнбеков макулдук бербесе, аны камамак турсун эч ким чекесине черталбайт го?

-Биз президентке эмес, укук коргоо органдарына, Башкы прокурорго кайрылып жатабыз. Эгер кылмыштары аныкталып жатса да, жоопко тарталбай мажирөөлүк кылса, анда бвшкы прокурор Өткүрбек Жамшитов да кызматынан кетсин деп жатабыз. Кыскасы, Кыргызстанда жеп ичип эле кете бербей жоопкерчиликти сезе турган мезгил келди. Аны пркзидент болгонуна карабай Атамбаевден башташ керек.

-Россия менен кызматташтыгыбызды чыңдадык дегенибиз менен көп учурда кыргызстандын эмес, Россиянын кызыкчылыгы эске алынганын айтып жатышат го?..

-Россия эң күчтүү мамлекеттин бири. Үч күчтүү президент болсо, анын  бири Путин. Путиндин  келиши экономикалык жактан да, моралдык жактан да чоң жардам жана чоң ишеним берет. Буюрса, Кыргызстандын келечегин аныктаган келишимдерге кол коюлду. Президент деле Кыргызстандын кызыкчылыгын эске алса керек. Мен путин да, Сооронбай Жээнбеков да, эки өлкөнүн кызыкчылыгын эске алган келишимдерге кол койду деп ишенем.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости