www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү конституциялык Кеңештин автору болгонубузга сыймыктанабыз”, - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews маалымат агенттигине мониторинг борборунун жетекчиси Турсунбек Акун.

- Турсунбек мырза, президент Садыр Жапаров "Баш мыйзам боюнча жоопкерчилик Конституциялык Кеңешмеде болот"- деди. Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү ошондой жоопкерчиликти алаласыңарбы?

- Негизи конституциянын автору жана демилгечиси Жогорку Кеңеш. Тилекке каршы, алар демилгечи деген гана атка ээ болушту. Конституцияны иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү ошол кезде жаңы түзүлгөн Конституциялык Кеңешмеге өткөрүп беришти. Конституциялык Кеңешме конституциянын иштелип чыккан долбоорун 70-80 пайызын өзгөртүп, жаңы Конституцияны иштеп чыктык. Парламент кем-карчын оңдомок турсун 7-8 депутат болушунча бут тосушуп, тоскоолдук жаратып конституцияны бекитүүнү бир жарым айга созушту. Акыры көпчүлүк добуш менен конституциянын долбоорун бекитип, өзгөртүүсүз референдумга чыгарышты. Мына ушундай жагдайдан кийин депутаттар конституциянын автору болбой, конституциянын автору Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү болуп калды. Ошондуктан, президент Садыр Жапаровдун “конституциянын автору Жогорку Кеңеш, Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү жана эл” деп айтканы туура. Конституциялык Кеңештин мүчөлөрү конституциялык Кеңештин автору болгонубузга сыймыктанабыз. Жогорку Кеңеш күчтүү болуп, конституцияны өздөрү иштеп чыгып, тоскоолдуксуз кабыл алышканда биз автор болбой эле конституцияга жардам берген жардамчы эле болуп калмакпыз. Тилекке каршы, баардык жоопкерчиликтин баарын депутаттар Конституциялык Кеңешмеге жүктөп койду. Биз ошол жүктү татыктуу көтөрүп, жакшы конституциялык долбоорду иштеп чыктык.  

- Конституцияны жазгандарды “бийликке кошомат кылгандар жазды” деп сындап жатышат го. Конституцияны чындап эле тажрыйбасы жок, бирок кошоматты катырап кылган адамдар жаздыбы?

- Конституциялык Кеңешменин 98 мүчөсүнүн ичинде чыны менен ар түрдүү адамдар бар. Алардын арасында кошоматчылары, бийликте отургандары, депутаттар, илимий кызматкерлер, окумуштуулар да бар. Арасында бийликке барыш үчүн көрүнүп коёюн деген кошоматчылар дагы бар. Ошондой эле мамлекетке чын жүрөгүнөн күйгөн бийликти бир адам башкара турган абалга жетсек экен, партиялардын башаламандык парадын токтотсо экен, тартип орносо экен, парламент билген талканын чалбаса экен, өлкөдө тынчтык анан стабилдүүлүк орносо экен дегендер да бар болду. Конституциялык Кеңешменин катарында мына ошондой ак жүрөк саясатчылар, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү бар болгону үчүн конституцияны бир нече тажрыйбалуу адамдар сүрөп, жол көрсөтүп, кеңешин берип турушту. Айрымдары жалындуу сөздөрү менен Конституциялык Кеңешменин жаш мүчөлөрүнө жол көрсөтүп, үмүт дем берди. Кандай болгон күндө да материалдык кызыкчылыкты алдыга койбой, маяна албай конституциянын сапаттуу долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке өткөрүп бердик. 
Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүн кошоматчы деп айтып жаткандар конституцияга каршы чыккандар. Алар парламенттеги 8 депутат, өкмөттүк эмес уюмдун мүчөлөрү жана Отунбаева, Атамбаевдин жактоочулары. Мына ошолор Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрүн каралаш үчүн конституцияны жазгандарды “кошоматчы” деп жатышат. Чынында биз конституциянын долбоорун сапаттуу иштеп чыктык.

Булак:NewsNews.kg

 

Последние новости