www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бекешев шайлоого катышуу үчүн элден каражат топтоп жатабы?

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев телеграм каналында VII чакырылыштагы парламенттик шайлоого катышаарын билдирди. Ал шайлоо кампаниясына акча каражатын топтоп баштаганын билдирди.

Бекешев 5 млн сом топтоону көздөйт жана «бул сумма олигархтардын үгүткө сарптай турган акчасына салыштырмалуу өтө эле аз» деп белгиледи.

«Бул акчаны соцтармактарда жарнамалардын акысын төлөөгө, бир-эки жарнама билбордун ижарага алууга, үгүт материалдарын басып чыгарууга, үгүтчүлөрдүн акысын төлөөгө жумшайм. Шайлоочулардын добушун сатып албайм. Кийинчерээк чыгымдардын толук отчётун берем», — деп Бекешев билдирди.

Бекешевдин айтымында, эгерде «жүйөлүү себептерден улам» шайлоого катыша албай калса, анда топтолгон акча каражаттарын билим берүүгө байланыштуу кайрымдуулукка жумшайт.

Бекешев — шайлоо кампаниясы үчүн краудфандиң ыкмасын ишке киргизген Кыргызстандагы алгачкы саясатчы. Буга чейин «Реформа» партиясы дагы 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоого катышуу үчүн ушундай эле ыкма менен 5 млн сом күрөө топтогон.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости