www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров президентке караштуу Жарандык маселелер боюнча комиссиянын сунуштарынын негизинде Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жана жарандыктан чыгаруу тууралуу 11 жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Президенттин расмий сайтындагы маалыматка ылайык, алардын ичинен жети жарлык 2 410 адамды (1802си - чоң адам жана 608и - бала) Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.

Төрт жарлык 982 адамды (780и - чоң адам жана 202си - бала) Кыргызстандын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, 2020-жылы өлкө калкынын саны 6,5 миллионго жетти. Анын 3,3 миллиону аялдар, 3,2 миллиону эркектер.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости