www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы Акыйкатчы Турсунбек Акун NazarNews.kg маалымат агенттигине “НТС телеканалы эгер Өмүрбек Бабановду Кыргызстанга алып келүүнүн жолун издеп, эфирден аны келсин дегендей көрсөтүүлөргө орун бере берсе, мен аларды сотко берип, аталган телеканалды жаптырууга аракет кылам”- деди.

Эмне үчүн андай кадамга барууга аргасыз болуп жатканын Турсунбек Акун “Бабановго бир эмес, үч кылмыш иши козголгону  менен түшүндүрүүгө аракет кылды. Кылмышкерлерди теле аркылуу актоого, мактоого жол бере берсек мындан ары мамлекетте тартип жоголот. Кандайдыр бир кылмышка шектелип, мамлекеттен чыга качкан саясатчылардын баары колу жеткен телеканалдан өзүн мактаткан ыкманы колдонууну адат кылып алышы мүмкүн. Ошон үчүн бул маселеге катуу турууга аргасызбыз” дейт укук коргоочу.  

Ошондуктан, Бабанов ар кимди ортого салбай эле өзү келсе болмок. Ага кылмыш ишин Сооронбай Жээнбеков эмес, Атамбаев козготкон. Күнөөлүү болсо жазасын алып, өзү айткандай күнөөсүз болсо, саясаттын курмандыгы болгону чын болсо соттон акталып алсын. Кудайга шүгүр, азыр Атамбаевдин заманындай сотторго көрсөтмө бербейт.  Соттор ак болсо актайт, күнөөсү болсо соттойт. Элди ортого салып, бийлик менен элди кагыштырып, туура эмес жагдай жаратып, элдин башын айлантпай Кыргызстанга келген кадамды өзү ташташы керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости