www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жакында эле Президентибиз Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук Кеңешин өткөрүп, жер-жерлерди кыдырып жүргөндө майып балдары бар апалар андан жардам сурагандыгын билдирген. Жакынкы арада аларга балдарын караганы үчүн акы төлөнө баштайт.
Сүйүнүчү койнуна батпаган апалардын арасында Талас облусунун тургуну, мээримдүү апа, беш баланын энеси Кенжегулова Нурия да бар. Ал уулу Таалайбек уулу Нурдөөлөттү жолдошу экөө эч нерседен кем кылбай 18 жылдан бери багып келишет.
1999-жылы 27-августунда жарыкка келген Нурдөөлөттүн диагнозу - ДЦП (врождённая гидроцивалия мозга). Майып балдарды караган абдан түйшүк экендиги айтпаса да түшүнүктүү.
Нурия эженин айтымында, алар райондун акиминин оорун басарынан жардам сурашканда, алар каляска берген, андан башка жардам алган пенсиясы бар. Ошондой эле, айылда жергиликтүү Кеңшетин депутаты да "ходунок" алып берген. Нурдөөлөт өзү абдан кыялкеч бала, - дейт апасы."Мен басып кетсем, камаз алып айдайм дейт. Алыс жактарга барам сизди, атамды алып кыдыртам" деп көп айтат.
Ушундай балдарды карап, таштап кетпей багып жаткан ата-энелерге алкыш айтып, таазим этебиз!
Жазгүл Урмамбетова, NazarNews.kg