www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Турсунбек мырза айтсаңыз, Кыргызстанда кырдаал боюнча  дегеле, үчүнчү революция жыттанган жокпу?

-Азыр, Кыргызстанда үчүнчү революциянын бороону акырын жеке шамал болуп жүрө баштады. Кечээтен бери күчөп калды.  Мен бир нерсени баса белгилеп кетишим керек, Атамбаев туура эмес жолго түшө турган болсо, өзүнүн оппоненттерине саясий куугунтук кылып камап баштаса анда туура эмес жолго түшүп, саясый аңтар-теңтер болушу мүмкүн. Мына буга чейин Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыровдорду камакка алды. Мен бир нерсени баса белгилеп кетейин, Атамбаев минтип отурса 3-революция болуп, өзүнүн мөөнөтүнө жетпей калат. Бирок мен аны каалабаймын. Ал киши татыктуу шайланган.Кө иштерди жасады. Ошол эле убакта көп кемчилдиктерди кетирди. Ал кайсы өлкөгө качат...кыйында. Ал кишинин качышын каалабаймын, бирок эл азыр кыйын абалда турат. Мурдагы президенттерден айрымасы жок болуп баратат. Акаев менен Бакие камаса бул дагы камап жатат. Акаев менен Бакиев убагында сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө жалаң Ак үйдө чогулчу. Азыр бир гана УКМК да чогулуп калды.  Бийлик УКМКнын жана Башкы прокуратуранын колу менен көп нерсени жасап жатат. Бул аябай жаман көрүнүш.

-Кечээ митингде 2010-жылдагы ант ичкен жүздөр жүрөт, ошол адамдардын бизге кереги барбы? Бийликке келип алар кыргыз элине эмне алып келди. Экс-президенттин митингде жургөнү уят эмеспи?

-Мен ойлойм Роза Отунбаеванын митингде жүргөнү туура эле. Ушундай кыйын кезеңде Текебаевди колдоп бергени чоң нерсе. Башкалары келе алган жок.

-Дегеле ошол 2010-жылдагы жүздөрдүн кереги барбы? Анткени алар 7 жылга жакын бийликте отурду эмне кылып берди элге...Текебаев үчүн митинг болгондо Текебаевдин маселесин көтөрүш керек, Сиз Отунбаеваны мактап кирдиңиз...

-Силерге жакпаса эмне кылайын. Көрдүңөр го УӨ үчөө эле жүрдү. Карапайым калк деле жүрдү го. Суукта  алты саат суукта турдук.

-Сизди ким суукта тур деди..

-Мен ойлойм, митинг бул жакшы нерсе менен бүтпөйт.

-Текебаев камалабы камалбайбы?

-Текебаевдин камалышы Атамбаевдин камалышы. Эгер, Текебаевдин үстүнөн иш козголсо, Атамбаевдин үстүнөн иш козголот. Текебаевге кылган жамандык, Атамбаевдин өзүнө кылган жамандык. Азыркы бийликтин акылы болсо чыгарат, акылы болбосо чыгарбайт, дагы эл көтөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости