www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Бүгүнкү бийликтин кадамын саясий куугунтук деп түшүнөбүзбү кандай...

-Чындык деп ким күрөшүп жатат. Ошол эле Аида Салянова Урмат Аманбаевга жалган жалаа жаап камакка тыгып, жебеген самсага акча төлөткөн. Аны эмне үчүн аяган эмес. Аида Салянова менен Өмүрбек Текебаев так ошондо эмне үчүн чыркыраган чындыкты айткан эмес. Жогорку Кеңештин спикери Акматбек Келдибеков камалганда эмне үчүн чындыкты айткан эмес.

Учурунда коалициялык көпчүлүк болуп туруп Текебаев, 17 депутатка кылмыш иши козголгондо ошолордун маселесин кароодо Текебаев каршы чыгып, “ууру түрмөдө отурушу керек” деген. Азыр мен Текебаевди күнөөлөй албайм,Текебаев пара алдыбы же албады аны күч органдары текшериш керек. Бирок азыркы учурда УӨ мүчөлөрү биригип алып митингдерди жасоо бул жакшылыкка алып келбейт. Менин оюмча тескеричинче Текебаевге доо кетириши мүмкүн. Себеби, эң жакшы нерсе бул мыйзам ченемдүү күрөшүү, баары мыйзам чегинде гана болушу керек. Андан өткөн нерсе жок. Бийлик дагы Текебаев дагы Отунбаева дагы жоопкерчиликти сезсин. Мындай митинг эртең жарандык согушка алып келиши мүмкүн. Мен ошон үчүн айтып атам бир кан төгүлсө  тиги үчөө жооп берип калышы мүмкүн.

-Жылдыз Айтибаевна, кечээги болуп өткөн митингде 2010-жылдагы жүздөр жүрөт. Негизи эле Отунбаеванын митингге катышып эл алдында сүйлөгөнү туурабы?

-Чындыгын айтып караганда анын экс-президент деген аты бар. Экс-президенттин митингде жүргөнү өтө уят. Андан көрө ал Алмазбек Атамбаевге жолугалы десе жолукпай коймок беле? Экс президент аянтта жүрөт дегени уят. Ал чын эле акыйкатты сүйлөгөн экс-президент болсо баарына бирдей мамиле кылып, 17 депутат запкы тарканда келиши керек эле. Тилекке каршы андай болгон эмес. Айрым УӨ мүчөлөрү митинде жүрөт. Алар Текебаевди коргогон жок алар өздөрүн коргоп жүрүшөт. Себеби банктардан уурдаган млндогон долларларды Абдыганы Эркебаев, Исмаил Исаков, Элмира Ибраимова, Алмазбек Атамбаев гана алган эмес. Калгандарынын тийешеси бар. Ал эми өлкөдө кан төгүлүшүн каалабайбыз. Жарандык согуш чыгып кетпесин, кан төгүлсө баары жооп берет. Мен эне катары саясатчы катары айтып кетем, кан төгүлсө ошолор жооп берет, элге тынчтык керек.

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости