www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүк Корея Кыргызстандан эмгек мигранттарын кайрадан кабыл ала баштады. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Бүгүн министр бул өлкөдө жумуш таап берүү программасынын катышуучулары менен жолугушту. Ага Корея тараптан дагы өкүлдөр катышты.

Базарбаевдин айтымында, Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы менен Түштүк Кореянын Эмгек министрлигинин ортосундагы меморандумдун негизинде туруктуу  түрдө Кореяда иштөөгө мүмкүнчүлүк берилмекчи.

"Коронавирус инфекциясына байланыштуу кыргыз жарандарын кабыл алууну Корея 2020-жылдын башында токтотуп коюп, кийин кайра уруксат берди. Кыргыз тараптын аракети менен Бишкек — Сеул чартердик каттамынын аткарылышына мүмкүнчүлүк түзүлдү. Учурда эмгек келишими менен кеткен 11 жаран иштеп жатат. Дагы 104 киши даярданууда", — деди Базарбаев.

Маалыматка караганда, акыркы 15 жыл ичинде келишимдин негизинде Кореянын ар кайсы шаарларында 3 500 кыргызстандык ишке орношкон. Көпчүлүгү жеңил өнөр жай жана электротехника тармактарын тандашат. Өндүрүштөгү кокустуктар үчүн камсыздандыруу каралган.

Учурда корей тилин канчалык билерин аныктоо үчүн тест тапшырууга документтер кабыл алынып жатат. Каалоочулар министрликке кайрылса болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости