www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир эле депутат кыйшык сүйлөп алса, парламентке каймана аттар коюла баштайт. Бул тууралуу Президент Садыр Жапаров "Вечерный Бишкек" интернет басылмасына берген маегинде айтты.

"Биз иш башкармалыкты бюджеттин чыгымын үнөмдөө үчүн бириктирдик. Илгери бир эле иш башкармалыгы болгон. Президентти, Өкмөттү, Жогорку Кеңешти - баарын жакшынакай эле тейлеп турган. 2005-жылы акылдуусынган спикер чыга калып, Жогорку Кеңештин иш башкармалыгы өзүнчө болуш керек деп бөлүп ала койгон. Бул деген ашыкча жумушчу орун, ашыкча чыгым болгон. Ошондуктан азыр кайра баарын бириктирдик. Бул иш башкармалыгы менин менчигим эмес. Президентти кандай тейлесе, парламентти дагы дал ошондой тейлейт. Биз менчик ишибизди жасап жаткан жокпуз. Мамлекеттик иштерди аткарып жатабыз. Парламент да мамлекеттин, элдин ишин жасап жатат. Ошол үчүн иш башкармалыгы максималдуу түрдө Жогорку Кеңешти дагы тейлеш керек.

Ал эми Жогорку Кеңеш Президент менен "чабышып" турса, аброю өсөт деген акылсыздардын сөзү. Эмне бири-бирибизге душман белек? Тескерисинче, эриш-аркак болуп иштешибиз керек. Мамлекет, эл бир эле. "Президент жана Өкмөт менен "чабышыш" керек" деген парламенттин оорусу 2010-жылдан бери пайда болгон. Биз ал ооруну жок кылдык. Азыр президенттик башкаруу. Эми мындан ары ынтымактуу иштешебиз.

Парламенттин аброю эмнеден түшөт билесизби? Парламент - бул коллективдүү орган. 90 депутаттан турат. Анын 89у супер депутаттар болуп туруп, бир эле депутат кыйшык сүйлөп алса, мына ошондо аброю түшөт, мына ошондо парламентке каймана аттар коюлат. Ошол үчүн ар бир депутат "Алмакан эжем айтпадыбы" дей бербей, так, даана, фактыларды келтирип сүйлөп турса, мына ошондо аброю көтөрүлөт. Ар бир депутат ойлонуп сүйлөш керек. Биз деле депутат болгонбуз. Эч качан болжолдоп эле сүйлөй берчү эмеспиз. Баарын далилдеп алып, анан сүйлөчүбүз", - деди Жапаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости