www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Келип түшкөн даттануулардын эң көбү талапкер Садыр Жапаровго жана анын штабынын ишмердигине байланыштуу. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Тынчтык Шайназаров бүгүн, 10-январда маалымат жыйынында билдирди.
Борбордук шайлоо комиссиясы, Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги биргелешип түзгөн Ыкчам чара көрүүчү координациялык топко кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга үгүт өнөктүгү учурундагы мыйзам бузуулар тууралуу 61 арыз келип түшкөн.
Белгилей кетсек, бүгүн, 10-январь күнү Кыргызстандын президентин кезексиз шайлоо жана мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өтүп жатат.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышууда.
Ал эми шайлоочунун тандоосуна мамлекеттик башкаруу формасынын:
-президенттик;
-парламенттик;
-баарына каршы варианттары коюлган.
Эске салсак, октябрь окуясынан кийин Кыргызстанда бийлик мөөнөтүнөн мурда алмашып, кезексиз президенттик шайлоо жарыяланган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg