www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Талас облусунун Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайда отурган келин 1 жарым айдан бери эмчектеги баласын эмизе албай келет. Мындан улам ал Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборуна даттанган. Бул туурасында аталган борбордун Талас облусундагы өкүлү Нурлан Абдраимов тарабынан белгилүү.
Белгилүү болгондой, 14-апрелде Нурлан Абдраимов Кара-Буура районундагы убактылуу кармоочу жайга барганда Х.М. аттуу келин арызданган.
"Келиндин айтымында, кармалган учурда анын жакындары баласын 1 ай бою убактылуу кармоочу жайга алып келип турушкан. Бирок туугандарынын баланы күн сайын алып келүүгө материалдык мүмкүнчүлүктөрү болбой калган. Кийинчерээк келиндин көкүрөгү ооруй баштаган.
Ал саламаттыгы туурасында убактылуу кармоочу жайдын администрациясына кайрылган эмес, ал эркектерге айтуудан тартынган.
"Кылмышка шектелип жана айыпталып камакка алынган адамдарды кармоонун тартиби жана шарттары жөнүндө" мыйзамга ылайык, шектелип жана айыпталып жаткан аялдар жанына 3 жашка чейинки баласын алууга укуктуу деп айтылат.
Бирок шектүү делинип отурган келин мыйзамдуу мүмкүнчүлүгүнөн, тагыраагы, эмизүү жана бала төрөө мүмкүнчүлүгүнөн ажыратылган. Натыйжада ал азыр лактостаздан улам дарыланууга муктаж. Учурда бул боюнча мыйзам бузуу актысы түзүлүп, прокуратурага кайрылуу жөнөтүлдү", - деп билдирди өкүл.
Булак: NazarNews.kg