www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек жылуулук тармагынын башчысы электр энергияга болгон тарифтин көтөрүлүшүнөн саясат кылбоону суранды. ОАО Бишкек жылуулук тармагынын башкы директору Эркин Абдыкалыков электр энергияга болгон тарифтин жогорулашын зарыл болгон чара деп эсептейт. Ал бул тууралуу өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Ошондой эле, министр эмнеге электр энергияга болгон тарифти жогорулатууну сунуш кылып жатканын түшүндүрдү. Анын сөзү боюнча бул кандай оор болсо дагы тарифти жогорулатпаска айлабыз жок.

«Анткени, өлкөнүн энергетикасы оор абалга кептелип калган. Ошон үчүн жарандар республиканын мындан аркы өнүгүүнүн жолун тандоонун алдында турушат. Тагыраагы, биздин алдыбызда өнүгүү жана цивилизациянын ыктоо жолу турат. Заманбап жашоого өтөбүз же андан баш тартсак, ордубуздан жылбай калабыз.

Анткени, жыл сайын аркага кете берип, ушундай жагдайга кептелип калдык. Азыркы жаңы жашоодо дүйнө жүзүндө электр энергиясыз, жылуулук энергиясыз жашоо жок. Тарых көрсөткөндөй КМШ өлкөлөрүнүн көпчүлүгү ушул тандоодон өтүшкөн, Казакстан, Грузия, Армения сыяктуу коңшуларыбыз электр кризисине кабылышып, жашоочулары суткалап, электр энергиясыз калышканы улуу муундагы элдердин эсинде кыйын жылдар бойдон калган.

Бирок, алар реформага барышып, жаңы кубаттуулуктагы заманбап жабдууларга ээ болуп алышкан. Энергетиканын өнүгүшү бул мамлекттерде өнүгүүнүн кубаттуу түрткүсү болуп калган. Азыркы жаш диван эксперттер электр энергиясынын жогорулашы боюнча ар нерсе дей беришет. Аларга маани бербей энергетикага инвестиция тартууга аракет кылышыбыз керек.

Башта энергетикалык кризиске кабылган мамлекеттерде деле өз убагында тобокелчиликке салган учурлар болгон. Бирок, бүгүн алар туура жолду тандашканы үчүн экономикасы атаандаштыкка туруктуу болуп калды. Биз дагы электр энергия өнүктүргөн тармакты өнүктүрсөк, жыл өткөн сайын жумушчулар да көбөйүп, жашоо деңгээлибиз жогорулайт.

Эгерде биз келечекте жакшы комфорттуу шарттарга ээ болобуз, мамлекетибизди өнүккөн инфраструктура болушун кааласак, ушундай чечкиндүү кадамдарга барышыбыз керек. Бул жерде жөн гана тарыхты карап көрүү эмес, энергосектордун башка бир багытка салып, өзгөртүү боюнча да кеп болуп жатат. Жаңы стацияларды куруп, энергетикага пайдалуу технологияларды алып келүү.

Ошондой эле, учурда энергосекторду күчтөндүрүүнү ойлонушубуз керек. Эртең кеч болуп калышы мүмкүн. Учурда тармактагы кризисти жоюп албасак, колдо бар нерсени да жоготуп алышыбыз мүмкүн.

Саясатты бир четке жылдыра туруп, энергетиканы экономикалык көз караш менен карап көрөлү. Менин оюмча өлкөнүн келечеги үчүн жана тармакты сактап калыш үчүн сунуш кылынган тариф саясатын кабыл алышыбыз керек.

Энергетика тармагы дотацияга отуруп калбашы керек. Ал өзү өнүгүп, мамлекетке өнүгүү шарттарын түзүүгө салым кошушу керек», - дейт Эркин Абдыкалыков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости