www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кыргызстан абасы булганып, адамдын өпкөсүн талкалап жатат”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Кыргызстан абасы булганган өлкөлөрдүн сап башына чыгыптыр. Бул абдан начар көрүнүш. Ден-соолукка абдан чоң терс таасирин тийгизиет. Борбордун абасынын кирдөөсү бир гана унаа эмес. Бишкек ЖЭБдин туура эмес оңдолушу менен да байланыштуу. Бул жердеги маселе ЖЭБтин туура эмес реконструкцияланышында болуп жатат. Автоматтык станциялар Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу жана атмосферадагы абанын абалына мониторинг жүргүзүү максатында курулат дешти. Кандай жардам берээри азырынча белгисиз. Башка жактан жаңы унаа алып келингени менен, экологияны оңдойбуз деген түшүнүк туура эмес. Бул болгону мүмкүн болгон кичинекей пайыздык өсүш.
Ошондой эле, күйүүчү майлардын сапатынын начардыгы, бийик-бийик имараттардын жыш салынышы, мына ушул сыяктуу нерселер экологияга терс таасирин тийгизип жатат. Эмне эле кайра-кайра унаага асылып жатышат мен түшүнгөн жокмун. Ансыз деле учурда Бишкекте эски, жаман зат бөлүп чыгарган унаалар көп. Буларга алар эмне дешет? Маселени чечүүдө туура багытты тандашса жакшы болмок. Болбосо биздин ден-соолугубуз талкаланып жатат. Айрыкча улуу муундагы адамдардын өпкөлөрү жабыркап, көп ооруларды козгойт. Анан дары дагы таасир бербей калат экен. Ошондуктан алгач экологияны тазалашыбыз керек”, - дейт Сарыгулов.
Булак: NazarNews.kg