www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мындай пикирин коомдук ишмер, убагында Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү болгон Эмилбек Каптагаев “23-сентябрь – “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзам кабыл алынган датаны утурлай өзүнүн эскерүүсүндө жазды.

Эскерүүдө бир мезгилдердеги интеллегенция Кыргыз – мамлекеттик тил боюнча башын кумга катып алганы, кийинчерээк Аалы Токомбаев баш болгон айрым “москвачыл-коркоктордун” кесепетинен канаттары кайрылганы, ага карабай дүйнөлүк жазуучу Чыңгыз Айтматовдун тил үчүн күйүп-бышканы, аны коомчулук кандай колдогону, учурда кыргыз тили үчүн күйүп, мыйзамды кабыл алууда баатыр катары сыпатталып жатышкан компартиянын төбөлдөрү Апсамат Масалиев менен Медеткан Шеримкуловдор Чынгыз Айтматовго дагы, кыргыз тилине дагы жан тартышпаганы, Москванын пикирин колдоп турушканы, кийин  гана, 1989-жылы башка республикалар тил мыйзамдарын кабыл алышып, андан кийинки республикалык суверенитет маселесин көтөрө башташкандан соң коомчулуктун кысымына каршы тура алышпай аргасыздан колдоп чыгышканы тууралуу кызыктуу пикир жазылат.

Тарых үчүн төмөндө пикирди толугу менен сунуштайбыз:

- Кыргыз тили үчүн күрөш ар дайым болуп келген. Бирок, 1985-жылдан баштап Михаил Горбачевдин “айкындык” саясатынын шарданы менен коомдогу көптөгөн курч маселелер ачык айтыла баштаган, анын ичинде тил маселеси дагы. Советтер Союзунда жашаган майда улуттардын эң олуттуу көйгөйү - Эне тил маселеси эле. Анткени, 60-жылдардын ортосунан баштап улам күчөтүлүп жөргүзүлүп жаткан “орусташтыруу” саясаты кыргыз сыяктуу аз сандагы калктардын маданиятына, улут катары өзүн таанып-өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүнө чек коюп, “советтик коом”, “советтик адам” деген түшүнүктөр коомго таңууланып, кеңири жайылтылып, ачыктан ачык эле улуттук өзгөчөлүктөр жоюла баштап, майда калктардын жок болуп кетиши да толук ыктымал болуп калган. Бул жагдай көптөгөн баамчыл адамдарды, өзгөчө улуттук интелигенциянын алдыңкы өкүлдөрүн тынчыздандырбай койгон эмес. Кыргыз элинин улуу инсаны Чынгыз Айтматов да 1986-87-жылдарда кыргыз тилинин тагдыры тууралуу ой-толгоолорун коомчулукка сунуш кылган. Майда улуттардын тагдырына байланышкан маселеге Айтматовдон башка дагы эстон, латыш, литва, грузин, азербайжан улуттарынын өкүлдөрү да гезит беттерине өз ойлорун ачык жаза башташкан. Албетте, бул жагдай Москвадагы идеологдорду тынчсыздандырган, бул маселе боюнча партиянын мурдатадан ырааттуу жүргүгүзүлүп келе жаткан шовинистик саясатына коркунуч келип жатканын алар жакшы түшүнүшкөн. Мына ошондон улам, борбордук басылмалар аркылуу болуп көрбөгөндөй чабуулга өтүшкөн, улуттук аң-сезимдин ойгонуусун басууга аракет кылышкан. Мындай аракет бизге да келип жеткен. “Москвалык десант” деп аталган топтун жетекчилери болгон Киселев менен Василенко деген жогорку даражадагы партиялык чиновниктер ачыктан- ачык эле Айтматовду эл душманы катары көрсөтүп, тил маселесин экинчи кайра көтөрүлгүс кылуу аракетин жасашты. Алар кыргыздын дагы бир улуу инсаны Аалы Токомбаевди жалдап алышып, КПССтин Борбордук Комитетинин башкы органы болгон “Правда” гезитине «Лишь дружба творить добро» деген ”буюртма” макаласын бастырышкан. Макаланын “Правда” гезитине чыгышы эле бул иштин артында кимдер тургандыгын айгинелеп жатпайбы...

Токомбаевдин макаласында Айтматов айткан ойлорго каршы ойлор айтылып, анын сөзү бурмаланып, кыргыз тилинде тарбия бере турган бала-бакчалар, мектептер жетиштүү, кошумча ачыштын кереги жок деген тыянак берилген.

Токомбаевдин ою орусча сөзмө сөз мындайча жарыяланген эле: «Считаю, что ошибались некоторые наши уважаемые писатели, когда в своих устных и печатных выступлениях настаивали на расширение сети детских садов с воспитанием исключительно на киргизском языке. Таких детских садов в республике и теперь дастаточно. То же самое с национальными школами. Люди, которые говорят об их нехватке, просто не знают статистики. В республике из 1635 школ почти тысяча ведет обучение на киргизском языке.Еще 259 смешанные, с параллельным обучением. Во время переписи населения почти треть киргизов назвали русский язык своим вторым родным языком».

Токомбаевдин бул макаласын “Комсомольская правда” гезити колдоп кетти. Романюк деген корреспонденти өзүнүн “Мы интернационалисты” деген макаласында кайрадан Айтматовду тепкике алды, аны партиялык саясаттка каршы адам катары көрсөтүү аракетин жасады. Романюк Токомбаевдин бала-бакчалар жана мектептер жөнүндө жазган оюн “акыйкат жана партиялык жактан принципиалдуу” көз караш катары көрсөтүү менен Чынгыз Айтматовдун кадыр баркына асылып, ага кыргыздарга “пайгамбар жана руханий аталык” болгусу келип жатат деп айып такты, Айтматовдун көз караштары партиялык сызыкка карама-каршы келет деп чындыкка туура келбей турган нерсени жазды. Токомбаевдин жарыя кылынган каты, аны сүрөп чыккан Романюктун макаласы отко май чачкандай эле таасир этти. Коом дүрт дей түштү, козголду, көпчүлүк Айтматовду колдоду, боор тартты, анткени ага карата карандай жалаа айтылып жатканы айдан ачык эле болчу. Айтматов эч качан “кыргыздар Совет элинен обочолонуп, балдарын жалгыз гана кыргыз тилинде тарбияласын, окутсун” – деп айткан эмес. Токомбаевдин макаласындагы “исключительно на киргизском языке” деген сөзү Айтматовдун айткан оюн түздөн-түз бурмалоо эле. Айтматовдун реалдуу кош тилдүүлүк тарабында экендигин, ал өзү да эки тилде, көбүнчө орус тилинде жаза турганын баары билчү.

Кыргыз коомчулугунда кызуу талаш башталды. Көптөгөн аттуу-баштуу эле кыргыз жазуучулар, окумуштуулар, партиялык жана советтик кызматкерлер өз позицияларын ачык айткандан коркушту, адатынча эле башты жерге салып тунжурап калышты. Ч.Айтматов 1987-жылдын декабрь айында Фрунзе шаарында өткөн “Эмгек коллективинде патриоттук жана интернационалдык тарбия берүү” деген илимий-практикалык конференцияда кыргыз тилинин тагдыры, жаштарды кыргыз тилинде билим алуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу өз оюн кайрадан айтты, коомчулукка өз позициясын түшүндүргүсү келди. Айтматовдун ал конференциядагы сөзү толугу менен орус жана кыргыз тилдеринде “Кыргызстан маданияты” гезитинин 1987-жылдын 17-декабрындагы санына басылган. Тилекке каршы, өз көлөкөсүнөн өзү корккон кыргыз интелигенциясы Айтматовко толук кандуу колдоо көрсөтө алган жок. Партиялык органдардын айдактоосу менен Айтматовко карата чабуул токтогон жок.

Ал кезде мен 30 жаштагы жаш илимий кызматкер элем, Илимдер академиясынын математика институнда иштечүмүн. Илимдер академиясында өзгөчө демократиялык дух бар болуучу, окумуштуулар өз ойлорун көпчүлүк маселе боюнча ачык эле айтышчу. Тил маселеси боюнча да, элдик каада-салтаттар боюнча да, улуттук өзгөчөлүк жана анын сакталыш маселелери боюнча да академиялык институттарда ички дискуссиялар көп боло турган, айрыкча жаш илимий кызматкерлердин ортосунда. Ошол себептен мен дагы бул дискуссияга жигердүү катышып, а түгүл алардын тикелей уюштуруучуларынын катарында болуп калдым. Кыргыз тилине карата, кыргыз мектептерине карата, улуттук өзгөчөлүктөргө карата Москванын саясаты мени да кыжырдантты.

Бүгүнкү күнү Мамлекеттик тил мыйзамынын 30 жылдык мааракесинде кыргыз тили үчүн күйүп, мыйзамды кабыл алууда баатыр катары сыпатталып жатышкан компартиянын төбөлдөрү Апсамат Масалиев менен Медеткан Шеримкуловдор ал учурда Чынгыз Айтматовго дагы, кыргыз тилине дагы жан тартышкан эмес, Москванын пикирин колдоп турушкан. Кийин 1989-жылы башка республикалар тил мыйзамдарын кабыл алышып, андан кийинки республикалык суверенитет маселесин көтөрө башташкандан кийин коомчулуктун кысымына каршы тура алышпай аргасыздан колдоп чыгышкан.

Сөз учугуна кайрылсак, ошентип 1987-жылы кыргыз тили үчүн күрөштө мен өзүмчө “фронт” ачып алдым, өз демилгем менен, Эл акыны Аалы Токомбаев менен сырттан тартышууга өттүм, ал кишиге өз оюмду жазып кат жолдодум, Компартиянын Борбордук Комитетинин Уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Михаил Федерович Василенкого да кат жөнөттүм. Ал катты жазууга Илимдер Академиясында болгон жолугушууда Василенконун Айтматовго карата тетири пикири негиз болду. Ошондой эле “Комсомольская газета” гезитинин редакциясына да кат жолдодум, ал катта менин пикиримде Чынгыз Айтматовду коргой турган жүйөлөрдү келтирдим, Аалы Токомбаевдин позициясы натуура экендигин, аны колдоп жазган корреспондент Романюктун да көз карашы партиялык саясатка каршы экендигин көрсөтүүга аракет кылдым. Албетте, бир да катыма жооп алган жокмун. Бирок мен үчүн бул иштер маанилүү болчу. Акыйкаттыкты коргоп чыгуу менен менде жалпы кыймылга кошулганым, элдин тагдырын чечүүдөгү кандайдыр бир улуу ишке катыштыгым бар сыяктуу ички сезимдер, туюмдар пайда болду, мурдатадан бүчүрлөп келе жаткан улутчулдук көз карашым бышыкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости