www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия келерки жылы Кыргызстанга электр энергиясын жеткирүү көлөмүн 1,5 миллиард киловатт-саатка жеткирүүнү пландап жатат. Бул тууралуу РФтин КРдеги элчиси Николай Удовиченко АКИpress агенттигиндеги интервьюсунда билдирди.
Анын айтымында, муну менен республикадагы энергетикалык дефицитти кыйла кыскартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Дипломат, мындан тышкары, Россиянын 2023-жылы Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу тууралуу да маалымат берди. Анын ичинде күйүүчү майды пошлинасыз жеткирүүгө берилген квотанын көбөйгөнү да бар.
"Орусиянын өкмөтү 2023-2026-жылдарга карата Кыргызстандагы мектептердин ысык тамагына 15 миллион доллар бөлүп берүүнү жактырды. Мындан башка, КамАЗдын базасындагы 40 өрт өчүрүүчү автоцистерна, Ми-8 МТВ-1 үлгүсүндөгү куткаруучу тик учак берилди. Декабрда 107 техника, тез жардам машиналарын өткөрүп берүү аземи уюштурулду. Баңгизатын жүгүртүүгө каршы күрөшүүдө КР ИИМине финансылык, материалдык-техникалык жана уюштуруучулук колдоо көрсөтүүнү улантуу чечими кабыл алынды", — деди Удовиченко.
Булак: NazarNews.kg