www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КР Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 2029 – жылга чейин “Ден соолук” програмасы иштелип чыкты. Анын биринчи 5 жылдыгында аткарылуучу иштердин ирети аныкталып, гранттык каражаттар тартылды. Бул тууралуу депутат Аида Касымалиева бүгүн, 24 – октябрда “Парламент” радиосуна курган маегинде билдирди. 

Депутаттын белгилешинче, донорлор караган 50 млн. доллардын 40 млн. грант, калган 10 млн. насыя болуп саналат. Ушул каражаттын эсебинен түзүлгөн программа өтө уникалдуу. Анткени, анын ичинде баалоо жана мониторинг системасы биринчи жолу кошумчаланып жатат. Бул белгилүү бир деңгээлде парламенттин көзөмөл функциясын чыңдай турган элементтерди камтыйт, - деди эл өкүлү.

Ошондой эле медицина тармагынын баштапкы звеносунда турган адистердин, тактай келгенде үй – бүлөлүк дарыгерлердин айлык маяналарын атайын иштелип чыккан индикаторлордун негизинде жогорулатуу ыкмасы колдонулат. Бул боюнча бюджеттен каражат каралган. Бирок, айлыгы жогорулай тургандар текши үй – бүлөлүк врачтар эмес. Алардын ишти аткаруу талабын орундагандары гана ушундай өзгөчөлөнгөн айлык акыларды ала алышат, - деп белгиледи студия мейманы. 

Айылда иштеген дарыгерлердин айлыгын жогорулатуу маанилүү кадам. Бирок, статистикасы жагынан иштин жыйынтыгын суроо талабы сөзсүз болот, - деген депутат ооруканалардын муктаждыгын аныктаган атайын карта түзүлүш керек, - деп да кошумчалады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирген.

 Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости