www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгисиз адамдар Хиллари жана Билл Клинтондордун Нью-Йорктогу үйүнө эки жардыруучу түзмөк жөнөтүшкөн. Аларды почтага келген каттарды иреттөө менен алектенген жумушчу таап алган. Бул тууралуу The New York Times басылмасы жазып чыккан.

Associated Press агенттигинин Нью-Йорк полициясына шилтеме кылып билдиргенине караганда, Хиллари жана Билл Клинтондорго чейин ушундай эле жардыруучу түзмөктөр АКШнын мурдагы президенти Барак Обамага, CNN телеканалына жана миллиардер Жорж Сороско дагы жөнөтүлгөн. Алардын баарын бир эле киши жиберген деп болжолдонууда. Мындан тышкары ушундай эле бомбалар мурдагы башкы прокурор Эрик Холдерге жана конгрессмен Дэбби Вассерман Шульцтун Флоридадагы кеңсесине да жөнөтүлгөн. Бийликтин маалыматына караганда, алар колго жасалган жөнөкөй жардыруучу түзмөктөр.

АКШ президенти Дональд Трамп Кошмо Штаттарда саясий зомбулукка орун жок экенин белгилеп, бул окуялар боюнча ири федералдык иликтөө башталганын билдирди.

Нью-Йорктун мэри Билл де Блазио бул көрүнүштү терроризм актысы дегенин жазат "centralasian.org".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости