www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыйырманчы кылым адамзаттын өнүгүү жолундагы кескин бурулуштарга жол ачты. Жүз жылдар бою өкүм сүрүп келген империя дардын ордуна жаны типтеги улуттук мамлекеттер түзүлүп, тандап алган жолуна жараша бири-биринен айырмалуу топторго бөлүнүп калган. Алардын ортосундагы кадыресе таймаш бара-бара кыл чайнашкан тирешүүгө айланып, ал тургай бүт жер жүзүн өзүнө каратып алууга умтулган күчтөр пайда болгон.
Эки жолку дүйнөлүк согуштун, андан кийинки дээрлик жарым кылымдык кансыз согуштун оор шарттарындагы тар жол, тайгак кечүүдөн жол таап, артынан элди ээрчиткен лидерлердин жаны мууну өсүп чыкты. Жол башчылыктын жаңы үлгүлөрү жаралып, доордун татаал сыноолорунан өттү.
Жалпыга бирдей коркунуч келтирген тарапка биргелеше каршы туруп, адамзатты залимдиктен куткарып калуу үчүн дарамети бир гана улуттун, бир гана өлкөнүн эмес, кеңири алкактын тагдырына таасир бере турган чыгаандар керек эле. Мына ошондой кишилердин аркасы менен дүйнө жүзүндө тартип орноп, өз ара кызматташтык менен тынчтыкта жанаша жашоо мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.
Силерге өмүрү өрнөк инсандардын арасында аттын кашкасындай бөлүнүп турган Уинстон Леонард Спенсер Черчиллдин көп томдуу адабий жана саясий мурасынан тандалып алынган бир китепти кыргыз тилинде сунуш кылабыз. Анын эң мыкты сөздөрүн жыйнагынын аты өзү билим алган эркек балдар мектебинин окуучуларына 1941-жылдын 29-октябрында кайрылып сүйлөгөн сөзүнөн алынган. Небереси Уинстон Спенсер Черчилль тарабынан даярдалган ири көлөмдөгү жыйнак 2003-жылы жарык көргөн. Анын ичинен биздин жарандарга кызыктуу боло турган 69 сөзү кыргыз тилине которулду.
Сэр Уинстон Черчилль көп кырдуу, бир сырдуу инсан катары Британиянын тарыхында өзүнүн татыктуу ордун ээлеген. Жыйырманчы кылымдын согуш мезгилиндеги залкар жетекчилеринин бири деп таанылган. Мамлекеттик жана саясий ишмердиги менен бирге армиянын офицери, 56 китеби жарык көргөн көрүнүктүү тарыхчы жана жазуучу, өз мезгилинде калем акысы кымбат бааланган журналист, сүрөтчү болгон. Ал Улуу Британиянын өкмөт башчыларынын арасында адабият боюнча Нобель сыйлыгын жана Америка Кошмо Штаттарынын Ардактуу атуулу наамын алган жалгыз ишмер. Би-би-си компаниясы тарабынан 2002-жылы жүргүзүлгөн бүткүл элдик сурамжылоодо Шекспир, Дарвин, Брунел баш болгон 100 тарыхый инсандын арасынан озуп чыгып, тарыхтагы эң атактуу британдык жаран деп табылган.
Черчиллдин саясаттагы алтымыш жылдык өмүрү өтө сейрек кездеше тургандай үзүрлүү болгон. Ал 1965-жылы 91 жаш курагында көз жумган. Андан бир жыл мурун Улуу Британиянын парламентинин КООМДУК өкүлдөр палатасынан кеткен эле. Убагында Биринчи дүйнөлүк согуштун көптөгөн фронтторунда күрөшкөн. Улуу Британиянын аскердик деңиз комплексинин мыкты уюштуруучусу болгон. Айрыкча танк куруу ишине салымын кошкон, авиациянын согуштук аракеттерге тиешелүү маанисин байкаган жана отузунчу жылдарда эле ракеталарга кызыга баштаган. Атлантика океанынын түбүнөн өткөрмө түтүктү куруу пикирин ортого салган, учкучтар үчүн навигациялык аспапты ойлоп тапкан жана союздаш күчтөрдү Нормандиянын жээктерине түшүрүү үчүн кемелер токтоочу жасалма жерлерди (гавань) даярдоо сунушун киргизген.
1940-жылдын күзүндө Британия аралдарына Гитлер басып киргенде «Биз туш тарапта салгылашабыз. Эч качан багынып бербейбиз!» деген ураанды көтөрүп чыккан. Ал эми Советтер Союзунун башына өтө коркунучтуу сыноо түшкен 1941-жылдын 22-июнунда нацисттик Германияга каршы союз түзүү чечимин ири мамлекеттердин башчыларынын арасынан биринчи болуп жарыялаган. Гитлерге каршы коалициянын түзүлүшүндөгү зор эмгектердин бири Черчиллге таандык экени шексиз.
Ал дүйнөлүк эки согуштун аралыгында чыккан ири окуялардын, саясий жана согуштук иш-аракеттердин жүрүшүндө өзүнүн саясий орун-очогун ооштуруп турган. Алгач лейбористтердин өкмөтүндө ар башка министрлик кызматтарды ээлеген. Андан кийин консерваторлордун партиясына өтүп, анын жетекчиси катары эки ирет (1940 1945; 1951-1955-ж.) Улуу Британиянын премьер-министри болгон. Асыресе ошол орунга экинчи жолу 76 жашында келген.
Черчиллдин өзүнүн жана өлкөсүнүн данкын чыгарган даанышмандыгы анын сөздөрүндө камтылган. Британия парламентинин сөзгө чебер жана эң көрүнүктүү ишмеринин ондогон жылдар бою сүйлөгөн жалындуу Вестминстер залынын дубалдарына сиңип калгандай. Ал 22 жашында эле "Адам баласына көптөгөн таланттар берилген. Алардын эч бири чечендикке тең келе албайт. Сөзмөр кишинин аброю улуу королдун бийлигинен да бекем болот», - деп жазган. Согуш маалында өкмөт башчысы катары бүткүл элди эрдикке шыктандыруу үчүн сөздүн күчүн колдонуу зарыл экенин билген. Алгач өзүнүн сүйлөө жөндөмү менен сөз байлыгына ичи чыкпай турган. Бирок абалдын кескин курчуп кетишинен улам анын сөздөрү учурдун шартына ылайык келе баштаган. Ал тургай элдин маанайын чөктүрбөй, абалды түшүндүрүп, алга карай үгүттөө үчүн англис тилинин күчүн жумшоо менен өзүнүн аскердик жана саясий чеберчилигин өстүргөн. Ар дайым өтө кылдат, ийине жеткире даярданып, анан элдин алдына чыгып сүйлөгөн. Сөздөрүн жеке өзү жазган, оңдоп түзөгөн. Ошондуктан сөздөрү дайыма так, көркөм, күчтүү жана таасирдүү чыккан.
Албетте Черчиллдин алтымыш жылдык ишмердигинде бир далай келкели менен кеткети болгон. Бирок эч качан мүңкүрөп калбаган. Бул жашоонун жыгылса ошол замат тура калган күчтүүлөрдү гана тизе чөктүрүп, кыйнай турганын жакшы билген. Ошондуктан «асти сынбагыла» деген осуятын калтырган.
Колуңардагы ушул китеп азыркы маалда күн сайын жаӊы маселелерди ортого коюп жаткан коомдук-саясий турмуштун агымына көз салып, ой жүгүртүүгө, толугураак түшүнүүгө жардам берет деп ойлойм. Анткени Кыргызстан парламенттик башкаруу жолун тандап алды, мыйзам менен бекитти жана алгачкы сыноо этабынан өтүп жатат. Демократиялык мамлекет менен жарандык коомду түптөө багытын улантуу үчүн өкүлчүлүктүн иштиктүү системасын жана туруктуу партиялык саясий механизмди түзүү боюнча негизги принциптерди аныктап алуу зарыл болуп турат.
Ал эми парламенттин Вестминистердик моделин эки партиялуу система, өкмөттүн парламенттеги көпчүлүккө көз карандылыгы жана парламенттин алдындагы жоопкерчилиги, башкаруучу партиялардын кезеги менен улам алмашып турушу мүнөздөйт. Улуттардын Британиялык шериктештигине жана Европа Кеңешине мүчө өлкөлөрдүн көбү британиялык парламентаризмдин конституциялык механизмдеринин үлгүсүн колдонушат.
Парламентаризм бийликтин бир нече борбордон жүргүзүлүп, укуктук мыйзамга таянып иштешин жана үзүрү жалпыга тен болушун камсыз кылат. Ал ошол бийликтин мыйзамдуулугун жана анын жеке бир кишиге же кайсы бир топторго эмес, жалпы саясий коомчулукка таандык экенин баарынан өйдө коюп, көздөгөн максатка жеткире турган коллективдүү ресурс болуп саналат. Бийлик адамды кыйноого жана мажбурлоого каршы чыгат, саясат жана укук мейкиндигине гана таасир көрсөтө алат, жеке кишилик абройго жана башка кишилер менен карым-катышка таянган мамилелерге көз каранды болбойт. Мына ушунун баары парламенттин саясий-укуктук тартип катары өзгөчө маанисин белгилеп турат.
Сэр Уинстон Черчиллдин өмүрү жана саясий ишмердиги ошондой парламентке тыгыз байланышкан. Ал өзү демократияны башкаруунун эң сонун же мыкты формасы катары караган эмес жана минтип айтканы көпчүлүккө маалым: «Эгер башкаруунун колдонулуп жүргөн башка түрлөрү мындан да бетер экенин эске албаганда, демократиянын өзү башкаруунун өтө начар формасы болот. Ал Британиянын империялык таасиринин туу чокуга жетиши менен анын Европага кайтып келишинин арасындагы мезгилде жашап, кызмат өтөгөн. Ошол өткөөл учурдун элдин аң-сезимине залакасын тийгизбей өтүшүн камсыз кылууда өз өлкөсүнө жакындан жардам берген.
Черчиллдин тандалган сөздөрүнүн котормосу окурмандардын кеңири чөйрөсүнө жыйырманчы кылымдын көрүнүктүү саясий ишмери жана кыйроого жакындап калган классикалык империялык мамлекеттин жетекчиси менен таанышууга мүмкүнчүлүк берет деп ишенем. Анын сөздөрүнөн британиялык парламентаризмдин иш жүзүндө кантип иштегенин, анан да саясаттын күрөө тамырлары соккон Вестминстердин атмосферасын байкап, өзүңөрдүн жеке жана коомдук турмушка пайдалуу сабактарды аласаңар деп ойлойм.
Китепти дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова которуп жана басмага толук даярдаган.
Китептин басылышына жана Черчиллдин Фондуна тиешелүү суроолорду жөнгө салууга көрсөткөн жана китепти басууга баа жеткис жардамы үчүн Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигине жана элчи Р. Смит Ордго ыраазылык билдирем, деп жазылган китепте Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева.
Уинстон Черчиллдин "Асти сынбагыла" деген китебин окурмандарга сунуш кылууну туура таптык.
Алкыш сөз
Баарынан мурда ушул китепке кирген макалаларын атасы кантип жазганы тууралуу өзүнүн эскерүүлөрүн айтып берген эжем баронесса Соамска чын дилден ыраазылык билдиргим келет. Ошондой эле тийиштүү документтер менен суреттөрдү издеп табууга астейдил жардамы үчүн Кембриждеги Черчилль коллежинин алдындагы Черчилль Борбордук архивинин мүдүрү Аллен Паквуд менен архивдин кызматкерлери Дэвид Картерге, Рэйчел Ллойдго, Жуд Браймерге чоң рахмат айтам.
Өз маалында менин атам Рэндольф Черчилль баштаган "Улуу өмүр" аттуу укмуштай сонун китептин автору, Уинстон Черчиллдин расмий биографы жана мага жардамы менен кеп кеңешин эч качан аябаган сэр Мартин Гилбертке абдан ыраазымын. Албетте, Британия империясы орденинин ээси, АКШдагы Уинстон Черчилль борборунун төрагасы Ричард М. Лэнгворт алкышка татыктуу (тиркемени караныз). Жер жүзүндө менин чон атам жөнүндө ушул кишиден көп билген эч бир жан жок деп кепилдик бере алам.
Ошону менен бир катарда Британия империясы орденинин ээси, Империялык аскер музейинин мүдүрү Роберт Кроуфорд менен уникалдуу сүрөттөрдү таап берген сүрөт архивинин коллекция бөлүмүнүн башчысы Хилари Робертске рахмат айтпасам болбойт. Бул китептин материалдарын даярдоодо мага Би-би-синин сүрөт библиотекасынын кызматкери эстер Барри жана Би-би-синин кол жазмалар борбордук архивинин өкүлү Жули Снеллинг көп жардам беришти.
Мындан тышкары, өтө татаал маселени б. а. Уинстон Чер чиллдин сүйлөгөн сөздөрүнүн сегиз томдук толук жыйнагын (Winston S. Churchill: The Complete Speeches 1897-1963) изил дөөчүлөрдүн эл аралык коллективинин көмөгү менен басмага даярдаган парламенттин мурдагы мүчөсү, маркум досум Роберт Родс Жеймске көптөн көп карызмын. Ал китеп алгачкы жолу <<Р. Р. Баукер» (Нью-Йорк) компаниясынын колдоосу менен <<Челси Хаус Паблишерс» (Лондон) басмасынан жарык көргөн. Чоң атамдын эбегейсиз көп сандагы сөздөрүн издеп таап, топтоо жеңил болбосо керек деп ойлойм. Бизди менин досума карыздар кылган ошол басылыш өзгөчө баа жеткис экенине кептеген окумуштуулар, изилдөөчүлөр жана китепканалар менен университеттердин кызматкерлери макул болушат го дейм. Мен түзгөн жыйнак Уинстон Черчиллдин сөздөрүнүн жалпы көлөмүнүн жыйырманчы (бештен бири) гана бөлүгүн камтыйт. Эгерде кимдир бирәә мен тандаган сөздөрдүн толук көлөмү менен таанышкысы келсе, аталган булакка кайрылса болот.
Бул китепти басмага даярдоо ишинде материалдарды текшерип, жан аябаган жардамын жана пайдалуу кеңештерин берип, мени колдогон Жеймс Рожерге чоң рахмат айтууга тийишмин. Ушул басылыштагы китептин текстин жан үрөп терген секретарым Пенелопа Лэйге жана «Рэндом Хаус Юнайтед Кингдом" компаниясынын бизге көмөктөшкен өкүлү Йорг Хенгсенге терең ыраазылык билдирем.
Редактор Уинстон С. Черчилль
Уинстон Черчиллдин тагдыры өлкө кыйынчылыкка тушуккан 1940-жылдын 10-майында Улуу Британиянын Премьер министри болуп дайындалышы менен кескин түрдө өзгөргөн. Мына ошол күнү Гитлер өз аскерлерине алардын жолунда кездешкен бардык нерсени жок кылуу буйругун берип, Францияга жана Бенилюкс өлкөлөрүнө каршы блицкриг баштаган. Ошол маалда 65 жашка толуп, өзү айткандай «пенсияга эбак эле чыга турган» Черчилль өзүнүн чечендик өнөрүн толук ачып көрсөттү. Көп жылдар бою британиялык элге тынчтыкты колдоо, каршылашпоо керектиги жөнүндө гана айтылып келген эле. Кокустан эле таптакыр башкача чакырык жаңырды.
Черчилль 1940-жылдын 19-майында радио аркылуу элге кайрылып мындай деп жарыялады: «Мен премьер-министр катары биздин өлкөнүн, биздин империянын, биздин өнөктөштөрдүн, анан да тынчтыкты каалагандардын баарынын башына түшкөн ушун дай катаал мезгилде силерге кайрылам».
Ал нацисттик күчтөрдүн континентке жасаган чабуулунун кыйраткыч таасирлерин сүрөттөп, анан: «Биз мурда бири бирибиз менен көбүнчө макул болбой, талашып-тартышаар элек, бирок азыр алдыбызда мынабу жалпы максат турат: жеңиштин баасы канчалык өйдө болуп, кандай гана кыйын чылыктардан өтүүгө туура келбесин, кулдук менен уяттан сактануу үчүн болгон да, болбогон да мүмкүнчүлүктөрдү кол донуп, согушту жеңиш менен бүтүрүү керек» - деп улантты.
Анын сөздөрү укмуштай таасир этти. Жакшы таанымал америкалык аскер кабарчысы Эдвард Р. Мюрроу айткандай, Биринчи дүйнөлүк согуштун кан күйген майдандарында төрт жыл бою майтарылбай бекем турган Франция менен Бельгиянын армиялары ушул немистердин каардуу чабуулуна төрт жума деле чыдай албай, аскердик жөндөмүнөн тайып, ал эми Британиянын начар куралданган чакан армиясынын калдык тары болсо Дюнкеркте артка чегинүүгө камынып, Британиянын өнөктөштөрү баштаган көп тараптар капитуляциядан башка арга калбады деп үмүтүн үзүп турган маалда Черчилль англис тилин ишке тартып, аны алдынкы катардагы чекке жолдоду».
Кенже офицер чининдеги Черчилль жаш чагында Индиянын түндүк-батыш чектериндеги, Судандагы жана Түштүк Африкадагы куралдуу чыр-чатактарга катышып, андан кийин Биринчи дүйнөлүк согуш маалында Фландриянын окопторун да суукка тонгон. Мына ошол тажрыйба британиялыктардын Улуттук мүнөзүн жана алардын ой-мүдөөсүн туура түшүнүүгө үйрөтүп, мекендештерин мурун болбогон эрдиктерге шыктандырып, аларды британдыктардын өзү көрсөтмөк тургай, ойлоп деле койбогон кайратмандык менен чыдамдуулукка ынандырууга жараган. Черчилль 1940-жылдын 13-майында премьер министр болуп дайындалгандан үч күндөн кийин Коомдук өкүлдөр палатасында эн алгачкы жолу чыгып сүйлөп, «Мен силерге канды, оор эмгекти, көз жаштарын жана терди гана сунуш кыла алам» деген сөзү белгилүү болуп калган.
Мен ошол беш жылга созулган согуш жылдарында Черчиллдин сөздөрү британиялыктарды эле эмес, оккупацияга учураган Европанын жеңилген элдерине үмүт бергенине айрыкча көзүм жетти. Мындан бир нече жыл мурун Варшава геттосундагы көтөрүлүштүн күнүнө карата ошол окуяда курман болгондорду эскерүү үчүн Лондон университети уюштурган мааракеге катышып, сез сүйлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп калгам. Менин сөзүм бүтөр замат жаныма ажарлуу бир аял келип, мындай деди: "Черчилль мырза, мен көтөрүлүш маалында геттодо болчумун, анда он эки жашта элем. Нацисттердин чабуул койгон отряддарынын кантип басып кирип келе жатканын көргөм. Алар бизди концентрациялык лагерлерге алып кетмей болушкан. Би-би-си радиосунан сиздин чоң атаныздын сүйлөгөн сөзү угулган сайын баарыбыз радионун жанына чогулуп калчубуз. Мен англисче билбейт элем. Бирок биз тааныбаган, түшүнүксүз сөздөрдү айтып жаткан ошол кишинин күчтүү үнү, мага жана жакындарыма кандай болсо да кутулуу үмүтүн бергендей болчу. Бизди Берген-Бельзенге алып кетишти. Үй-бүлөдөн жалгыз өзүм тирүү калдым. Мени британиялык жоокерлер куткарышты. Алардын бирөөсүн азыр менин жанымда көрүп турасыз, ал менин күйөөм». Бул окуя мени абдан катуу толкундатты, бир чети сыймыктандым, бирок октойсуз абалда калдым.
Черчилль өзүнүн укмуштай кашкөйлүгү жана маектешин күтүлөгөн тамашакөйлүгү менен британиялыктардын көңүлүн буруп алып, аларды европалык башка элдердин багынып бергенине карабастан, Британия нацисттик баскынчылар менен жападан жалгыз күрөшүүгө тийиш экенине, күрөшө ала турганына ынандырган. Албетте, трибунага чыгып, кагаздан окубай, микрофонсуз эле 20 миң кишиби же 10 киши болобу, аны кунт коюп угуп, чакырыгын колдоого жетише алганга ар дайым даяр андан көрүнүктүү ораторлор, көркем сөздүн чыныгы генийлери тарыхта болгон чыгар. Элге кайрылып сүйлөөнүн чеберлеринин арасынан Уильям Гладстон менен Дэвид Ллойд Жорж баарыдан мурда эске келет. Бирок Черчиллдин даңкы алардын катарында деле басаңдап калбагандай.
Анын эч кимди алдына салбаган чеберчилиги коомдук өкүлдөр палатасын өзүнүн эркине баш ийдире алганында жана андан да көбүрөөк Би-би-си радиосу аркылуу британдыктарга жана башка өлкөлөрдүн элдерине кайрылып, таасир бере алгандыгында турат. Мындай болушуна ошол маалдын технологиялары абдан жардам бергенин айтып коюу керек. Уильям Кекстон 1474-жылы ойлоп тапкан жазылуу басма жүздөгөн жылдар бою жападан жалгыз массалык маалымат каражаты болуп келген. Жыйырманчы кылымдын башында алардын көпчүлүгү эбегейсиз зор саясий күчкө өз-өзүнчө же биригип жеткен бир ууч медиамагнаттардын колуна өтүп калган эле. Бирок экинчи дүйнөлүк согушка он беш жыл эле калган 1924-жылы премьер-министр тарыхта алгачкы жолу радиодон чыгып сүйлөгөн. Ал кезде мындай кызматты Стэнли Болдуин ээлеп турган. Ошол маалда Британияда 125 миң радиоприемник болгон. Ал эми 1940-жылга саны он миллионго жакындап, дээрлик ар бир үйдө жана өлкөнүн ар бир пабында радио бар эле. Мына ошол технологиялык өсүүнүн аркасы менен Черчилль элге түз кайрылуу үчүн баа жеткис мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Анын сөздөрүнүн белгилүү жана таасирдүү болушунун сыры тандап алынган өзгөчө манерасында эле. Черчилль калың топ элдин алдына чыгып сүйлөгөндөй эмес, кайсы бир белгилүү кишилер менен очоктун (каминдин) жанында чогулган кадимки үй-бүлө мүчөлөрүн өзүнүн угуучулары катары элестетип сүйлөгөн. Ал карапайым британиялыктарга, жөнөкөй тургундарга, ар бир кишиге, жалпы журтка кайрылган. Мындай нерсе адамзаттын тарыхындагы кандуу согуш журуп турган ошол беш жыл бою анын өзүнө жана жалпы элге абдан керек болуп турган эле. Парламентте чыгып сүйлөгөн сөздөрүн түз эфирде угуза турган жабдыктар болбогон себептүү микрофонго кайталап сүйлөп жаздырып, анан аны радиоуктуруучу корпорация Улуу Британиянын туш тарабына гана эмес, басылып алынган Европага, Америка Кошмо Штаттарына, Британия Шериктештигинин жана Британия Империясынын алыскы булуң-бурчтарына чейин трансляциялап (угузуп) турган.
Ушул китептин үстүнөн иштөөгө киришип жатып чоң атамдын 1897-жылы айтылган саясий мазмундагы биринчи сөзүнөн тартып, 1963-жылы Президент Жон Ф. Кеннеди тарабынан Америка Кошмо Штаттарынын ардактуу жараны наамын ыйгаруу аземинде сүйлөгөн сөзүнө чейинки 60 жылдан ашуун сүргөн саясий ишмердигин камтыган, менин оюмча, эң белгилүү жана эң маанилүү сөздөрүн бир томго топтоону пландаштырган элем. Колума алган иштин анык көлөмүн башында толук элестете албаптырмын. Артында отуз томго жакын тарыхый жана биографиялык эмгектерди калтырган чоң атамдын көп чыгарма жазган жазуучу экенин билчүмүн. Ошондой эле мага атын колунан жаралган сүрөттөрдүн оголе көп экени белгилүү эле. Өмүрүнүн аягына жакын анын Кенттин Чартуэллиндеги үйүндө 500гө жакын толук тартылып бүткөн жана алардын ичинен айрымдары көркөм сүрөт өнөрүнүн татыктуу үлгүлөрү боло алган сүрөттөрү бар эле. Бирок чоң атамдын кылдаттык менен даярдап, жатка кайталап, анан сүйлөгөн сөздөрүнүн көлөмүн анык элестете албаптырмын. Алардын чоң бөлүгүн парламентарий кесиптешим Роберт Родс Жеймс өзүнүн 1974-жылы жарык көргөн ⟪Уинстон Черчилль Сөздөрүнүн толук жыйнагы, 1897-1963-ж» (Winston 5. Churhill. The Complete Speeches 1897-1863) аттуу жалпы көлөмү майда тамга менен 8000 (кадимки тамга менен 12500) барактан жана 5 миллион сөздөн турган 8 томдук эмгегинде топтогон.
Америкада лекция окуганымда мага кобунчо бир гана су роо беришет: «Сиздин чоң атаныздын сөздөрүн ким жазган?» Мунун жообу жонокой эле: «Бул создорду залкар киши жазган. Анын аты Уинстон Спенсер Черчилль». Бардык чон саясатчы лар жанында сөз жазган (спичрайтер) адистердин тобун алып жүргөн ушул заманда мындай жооп уккандарды тан калтырат. Чон атамдын балдарынан эн акыркы тирүүсү Мэри Соамс эжем кечээ жакында мага төмөндөгүлөрдү айтып берди:
«Атам өмүр бою сөзүн бирөөгө жаздырган эмес. Мансаптын айрым учурларында, мамлекеттик органдарда иштегенде, айрыкча техникалык же укуктук маселелер чыгып калганда кызматчылардан статистикалык маалыматтар менен отчет торду алып турчу.
Консерваторлордун партиясында Жорж Крист (анын фами лиясы англисче Христ катары жазылчу) деген бирде бар эле атам кээде: «Кудайдын баласына киши жибергилечи», - деп аны чакырып калганы эсимде. Крист Консервативдик партия нын борбордук аппаратында иштеп, ошол маалда Торилерди жетектеп турган атама партиянын жылдык съездинде тигил же бул маселелерди көтөрүү боюнча кеңеш берип турчу.
Бирок атам негизги сөздөрүн, албетте, коомдук өкүлдөр палатасында чыгып сүйлөгөн сөздөрүн өзү даярдайт эле. Ошол маалдагы анын жеке катчыларынын бири Жейн Портал (леди Уильямс) өкмөт башчылык кызматынын экинчи мөөнөтү аяк тап бараткан маалда 80 жашына келген Черчилль суутектүү бомбанын ойлоп табылышы жөнүндөгү толук мазмундуу жана көлөмдүү сөздү жалгыз өзү сегиз сааттан аз убакыт ичинде даярдап койгонун айткан эле».
Согуш жылдарында чон атамдын жеке катчысы болгон маркум Жон Колвилл көзү өтөргө жакын мындай деп эскерген: "Черчиллдин согуштун учурунда коомдук өкүлдөр палатасын да сүйлөгөн же бүтүндөй өлкөгө радиодон уктурулган атактуу сөздөрүн ала турган болсок, чоң атаң алардын ар бир минуталык бөлүгүн даярдаганга бир сааттан убактысын сарптаган». Андыктан жарым сааттык сөздүн аркасында 30 сааттык жат жазуу, кайталап жаттоо, жеткире иштөө турган. Ал сөздөрдүн тарыхтын өтө чоң согушу жүрүп жаткан чакта миллиондогон кишилердин акыл-оюна абдан күчтүү таасир бергени жана азыркыга чейин сезилип турган ички кубаты мына ушуну менен гана түшүндүрүлө турганына күмөн жок.
Мен Черчиллдин 60 жылдан ашык сүргөн жигердүү саясий ишмердигинде топтолгон абдан бай чечендик мурасын бир китепке сыйдырып, алгачкы ирет окурмандарды анын сөздөрүнүн көбү менен тааныштыруу үчүн өтө татаал милдетти өзүмө алдым. Ошол себептүү Черчиллдин сөздөрүнүн эбегейсиз зор көлөмүн анын 5%на чейин гана кыскартуу учун аёосуз түрдө оңдоого туура келди. Айрым сөздөрдүн, айрыкча биринчи жолу согуш маалында уктурулган сөздөрдүн текстин бүтүн бойдон калтырып, калгандарын аздыр-көптүр кыскартуулар менен жарыяладым. Муну менен бирге сөздөрдүн көбүн такыр эле калтырып коюуну чечтик. Материалды тандоодо Уинстон Черчиллдин өзгөчө маанилүү сөздөрү менен окурманды өзүнүн баш айландырган саясий ишмердигинин бүтүн мазмунуна (контекст) анын кекелеп учуп чыгышындай эле жыгылып түшүүсүн да кошуп туруп, тааныштыруу максатын көздөгөн элем. Китеп окурманга Уинстон Черчиллдин парламенттик шайлоолордогу жеңишинен (ал кезде чоң атам 26 жашта эле) тартып, андан кийин 1904-жылы Консервативдик партиядан чыгып, Либералдык партияга мүчө болуп кириши, анын артынан саясаттын олимпине чыгышы жана тез-тез алмашып турган өкмөттүк кызматтарда - колониянын иштери боюнча министрдин орун басары (1906-ж.), соода министри (1908-ж.) жана ички иштер министри (1910-ж.) болуп иштешине чейинки саясий өмүрүнүн бардык этаптары жөнүндө баяндайт. Кийинки этапта болсо Черчилль лорддор палатасын жоюуну сунуш кылган куйту саясатчы катары чыга келет. Андан соң социалдык реформаларды сунуштап, жалпыга бирдей жыргалчылык бере турган мамлекеттин пайдубалын салат. Адмиралтействонун (деңиз флотунун ишин башкаруучу мекемеси) биринчи лорду катары (1911-1915) британиялык аскердик-деңиз флотун аскердик иш-аракеттерге даярдоо менен алектенген.
Анан эле Черчиллдин ошол мезгилде Түркияга караган Чанаккале кысыгы (Дарданеллы) менен Гелиболу (Галлиполь) жарым аралындагы десанттык аракеттин ордунан чыкпай калышына күнөөлүү деп жок жерден садага чабылып, адмирал тействонун биринчи лорду кызматынан бошотулганына күбе болобуз. Черчилль ошол аракетти Германиянын союздаш тарынын бири болгон Түркияны багынтып алып, өзүнүн союз дашы Россияга жардам берүү үчүн гана эмес, анын ою боюнча согуштун бүтүшүн бир-эки жылга тездете ала турган арт жак тан (тылдан) Германияга чабуул коюуга мүмкүндүк берет деп санаган. Балким, мына ошол Биринчи дүйнөлүк согуштун эң мыкты стратегиялык планы болсо керек. Бирок көбүнесе анын өзүнө тиешелүү болбогон себептер менен операция ордунан чыкпай калган жана көп кишилер Черчиллдин саясий карьера сы бүттү го деп тыянак чыгарган. Кызматынан ажырап, ас кер башчылык талантын ишке ашыра албаганын оор кабыл алган Черчилль Франция менен Бельгиянын чек арасындагы кууш тилкени коргоо үчүн Британиянын жана Британиялык Шериктештиктин чейрек миллион жоокери курман болгон Фландриянын окопторун көздөй жөнөгөн. Черчилль ал жерге катардагы жоокер болуп барган, анткени бийликтин мунара сына чыгууга тыюу салынган болсо, анда жок дегенде мына ушинтип гана өз абийирин сактап калышы мүмкүн эле.
Мамлекеттик кызматка Ллойд Жорж өкмөтүндө аскердик жабдуу министри жана аскер министри катары кайра кайтып келген (1917-1919) Черчилль кийинчерээк колониялар менен иштоо боюнча министр болуп дайындалган. 1922-жылы Каир де өткөн конференцияда Иордания жана Ирак королдуктарын түзүү, аларды башкаруу үчүн кийин Амман менен Багдаттагы тактыга отура турган Хашимит династиясынын эки өкүлү Абдалла менен Файсалды дайындоо жоопкерчилиги Черчиллге тагылган. Ошол маалда Палестинанын чек аралары биринчи жолу аныкталган эле.
Андан кийин Черчилль консерваторлорго кайра кошулуп, коомдук өкүлдөр палатасында алардын катарынан орун алып, Стэнли Болдуиндин өкмөтүндө каржы министри болуп иштеген. Эми китептин эн кызыктуу бөлүгүнө, башкача айтанда, Черчилль мамлекеттик кызматтан кетип, Адольф Гитлердин жетекчилиги астында Германиянын кайрадан куралданышына жана анын кесепеттерине дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган компанияны баштаган 1930-жылдардын башына келели. Европадагы абалдын курчушунан улам Черчиллдин тынчсызданышы күчөгөн. Аны түйшөлткөн нерселердин негизгиси Болдуиндин өкмөтүнүн куралсызданууну улантуу боюнча кабыл алган чечими болгон. Британиядан 3000 миль алыстыктагы Атлантиканын наркы жээгинде жайгашкан Американын дүйнөлүк кризистин жакындап калганы менен иши жоктой болгону да Черчиллдин тынчын алган.
Ал учурда Черчилль кызматсыз, бош жүргөн эле. Парламентте чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө келтирген ынандырарлык жүйөлөргө жана германиялык армиянын кайра куралдануусу боюнча топтоп, кароого сунуш кылган далилдерине карабастан, анын алдын алып айткандарына эч кимдин кулак салгысы келбей, Британиянын жана Франциянын өкмөттөрү болсо өздөрү тандап алган тынчытуу саясатын жөн эле эшектин кыйыктыгы менен улантышкан. 1938-жылдын сентябрь айында Британия менен Франциянын жетекчилеринин өз өлкөлөрүнө убакыт сурап алуу үчүн уятсыз соодага барып, Чехословакиянын элинин эркиндигин эч бир тартынбай курманга чалган Мюнхен кризисинин учурунда парламентте Черчиллди колдогондор колдун манжасы менен эле саналып калган. Албетте, 1940-жыл жана согуштун шартында премьер-министр болуп иштеген кийинки бир нече жылдары Черчиллге эң бийик атак-даңкты алып келген. Менин оюмча, жыдызы 1930-жылдардын аягында чындап жанган эле. Анткени ал ошол мезгилде өзүнүн партиясынын сындаганына, милитаризм деп күнөөлөгөнүнө карабай, Британияны кара булуттай каптап келаткан согуш коркунучунун алдын алуу үчүн курулай болсо да баатырдык иш-аракеттерди улантып, духтун сейрек учурай турган күчүн жана чечкиндүүлүктү көрсөтө алган. Ал мурда өнөктөшкөн Британия, Франция, АКШ биргелешип чечкиндүү аракет көрүшсө, Гитлерди токтото алат деп ишенген. Анын оюна караганда, эгер ошондой аракеттер 1936-жылдан мурда көрүлгөндө, абал бир ок атылбай эле тынчып калмак.
Мюнхендеги сүйлөшүүлөрдөн кийин премьер-министр Невиль Чемберлен өзүнүн жана Гитлердин колу коюлган келишимди өйдө-ылдый шилтеп, Британия менен Германия мындан ары эч качан бир-бири менен согушпайт деп сыймык тана жарыялаганда, мекендештердин көзүнүн пардасы ачыл гандай эле болгон. Гитлердин Биринчи дүйнөлүк согуштун аякташына жол салган ушул келишимди гана эмес, андан кийин жетишкен макулдашууларды деле толугу менен уялбай туруп тытып саларына көзү жеткен.
Акырында коомдук пикир агрессорду тынчытуунун (appease ment) идеологдору түрткөн тараптан башка жагына ооп, барган сайын Уинстон Черчиллди өкмөткө кайтарып келүү талабы көбүрөөк коюла баштаган. Бирок талаптын аткарылышы 1939-жылдын 3-сентябрына, башкача айтканда, экинчи дүйнөлүк согуштун башталганы жарыяланган. Гитлердин танкалык армиясынын Польшага кирип, аны курчап алган маалга гана туш келген. Уинстон Черчилль кайрадан адмиралтействого биринчи лорд болуп дайындалып, акыркы чейрек кылым да экинчи жолу Улуу Британиянын флотун Германияга каршы согуштук аракеттерге даярдай баштайт. Бул кабар бут адмирал тействого "Уинстон кайра келди" деген сигнал менен таркатылган. Черчилль өзүнүн согуштук эскерүүлөрүндө мындай деп белгилеген: «Мындан чейрек кылым мурда таштап чыгып кетүү мага өтө оор болгон ушул кабинетке кайра келип кирдим... Биз кайрадан өз өмүрүбүздү жана намысыбызды коргоо үчүн күчтүү, тартиптүү жана ырайымсыз герман улутуна каршы күрөшүү алдында турабыз. Бул канчанчы жолу болуп жатат! Ушундай эле болсун!"
Адамдын эс-тутуму түбөлүктүү эмес тура! Үч өлкөнүн ортосундагы союздук мамилелер жөнүндөгү келишимди бузуп, Польшага басып кирген нацисттик Германияга каршы так ошол Британия менен Франция согуш жарыялаганын азыркы муундар билбеши деле мүмкүн.
Андан соң «таң каларлык согуш» деп аталган учур келип, Батыш фронтундагы согуш аракеттери деңизде гана орун алган. Акыры 1940-жылдын 10-майында Гитлер өзүнүн күчүн Францияга, Бельгияга жана Голландияга каршы куюндай тездик менен (блицкриг) чабуул жасоого жетет деп чечкен. Ошол эле күнү Британияда коомдук нараазылыктын курчушу Чемберленди кызматтан кетүүгө мажбур кылат. Уинстон Черчилль премьер-министрдин ордуна сунуш кылынат.
Черчилль алдыда турган иштен эч бир тайманбастан, абдан кубанып, толкунданат. Ал ошол учурду өзүнүн эскерүүлөрүн де мындай деп сүрөттөйт: «Түнкү саат үчтө уйкуга камданып жатып, ушунчалык жеңилдегенимди сездим. Мынакей эми колума кырдаалдын кожоюну болуу үчүн зарыл болгон ыйгарым укуктар тийди. Мага тагдыр өзү колумдан жетелегендей, буга чейин жашаган өмүрүм бүт бойдон ушул учурга, ушул катаал сыноого даярдык көргөндөй гана сезилди.
Черчиллдин карамагында кубаттуу дениз флоту менен жаны эле түзүлүп, согуштук шартка көнүгө элек аскердик аба күчтөрүнөн башка согушка жөндөмдүү бирдиктер жок эле. Түзүлгөн кырдаалда премьер-министр сөзмөрлүк ийкеминин бүт күчүн 1930-жылдардын тынч маалында эле айтып баштаган үрөйү суук чындыкка өзүнүн жөнөкөйлүгү, салтанаттуулугу жана сүйлөө чебердиги менен элдин көзүн ачканга жумшады. Ошол чакта ага такыр ишенгиси келбегендер эми өлкө согушка киргенден кийин гана аны кунт коюп угуп, колдоп чыгышкан. Черчилль башта Белгиянын өкмөтү, анан Франциянын өкмөтү Гитлерге тез эле багынып бергенине өтө таң калган. Ал өзүнчө Улуу Британия мынчалык жеңил багынып бербейт деген бүтүмгө келген.
Менин маркум апам, элчи Памела Харриман 1940-жылдын май айынын аягы - июнь айынын башында Франция багынууга ыктап, Гитлер «Дениз арстаны» аракетин (Британия га кол салуу аракетинин сырбелгиси) баштаганы калганда Британиянын армиясы шашылыш түрдө Ла-Манштан кечип өтүп, Дюнкеркке чегинген коркунучтуу күндөрдү айтып берген. Апам анда 20 жашта, мага алты айлык кош бойлуу экен. Күйөөсү менен анын ата-энелеринин Даунинг стриттин 10-номерлүү үйүндө чогуу жашап турушкан. Адатта апам, чон энем, чоң атам үчөө атамдын келишин күтпей эле кечки тамагын эрте жешчү экен. Кечки саат онго жакын абадагы чабуулдар жөнүндө эскертүүлөр угула баштаганы адат болуп, апамды ошол замат жер төлөгө жиберишчү экен. Бир күнү кечинде кайнатасы терең ойго батып үстөлдө отурган болот. Эч ким унчукпайт. Ангыча эле апама бурулуп, үнүлө карап туруп каардана минтет: Эгер гунндар келсе, силердин ар биринер өзү менен тиги дүйнөгө алардын жок дегенде бирөөсүн ала кетет деп үмүт кылам!
- Ата, бирок менде эч кандай куралым жок, болсо деле атканды билбейм, - деп апам коркконунан кыйкырып жиберет. Анда чоң атам түнөрө түшүп, түйүлгөн муштумун башынан айланта үнүн көтөрүп каршы чыгат:
- Айланайын, мындай жакшы ишке ашканадагы бычак деле жарайт! Элге кайрылганда мынчалык түз көрсөтмө бербесе деле, британиялыктар анын күжүрмөн маанайын сезип, шыктанышчу.
Акыр-аягында элдин жоокердик демин ойгото алган премьер-министрге кулак салып, анын чакырыктарына жооп бере башташат. Ал учурда сыртынан караганда алаңгазардыктай сезилсе деле британиялыктар эч нерсеге карабастан, кандай гана кыйын болбосун Шериктештиктин өлкөлөрүнүн жана империянын океандын ар жагындагы бөлүктөрүнүн колдоосу жана АКШ тарабынан карыз, ижара келишимине (ленд-лиз) ылайык бериле турган олуттуу жардамы менен өзүнүн аралын да аман каларын кайталап турган Черчиллге ишенишкен.
Ошентсе да Черчилль практикалык шарттарды эске алып иштеген киши (реалист) катары Европанын курчоодо калган элин бошотуп, фашисттик Германияны жеңүүгө жалгыз Британиянын күчү жетпей турганын түшүнгөн. Андыктан энесинин мекенин сүймөнчүк менен өзү ушинтип атаган «океандын ары жагын дагы улуу республиканы» согушка тартып, катыштырганга чейин убакытты созуп, чыдап турууну көздөп, согуш жүргүзүүнүн жөнөкөй жолун тандап алган. Черчилль ошол учурда айтылган көптөгөн сөздөрүндө Кошмо Штаттардан материалдык гана эмес, аскердик жардам алууга да аракет кылган.
Черчиллдин «жылдызы» 1940-жылдын 18-июнь күнү коомдук өкүлдөр палатасына кайрылып, «Мына эми генерал Вейган «Франция учун салгылашуу» деп атаган коркунучтуу тирешүү аягына чыкты. Жакында «Британия үчүн салгылашуу» башталат деп ойлойм. Мунун жыйынтыгына христиан маданиятынын өрчүш деңгээлинин аман калышы көз каранды болот. Британдыктар аман калып, коомдук институттарды жана империяны сактап калышы мына ушул салгылашуунун натыйжасына байланыштуу. Душман бардык күчү жана кыжыры менен жакынкы күндөрдө бизге кол салат. Гитлер жеңишке жетүүнүн жалгыз жолу биздин каршылыкты жоюп, ушул аралды ээлеп алуу экенин билет. Эгер биз анын кысымына туруштук бере алсак, анда Европа боштондукка чыгып, адамзаттын жаркын келечекке Үмүтү жанат. А эгер утулуп калсак, анда Кошмо Штаттар менен бирге бүт дүйнө, ал тургай биз жактырып, кадырлаган бардык асыл нарктар орто кылымдын караңгылыгына чөгүшү мүмкүн. Бирок адаттагыдан ыгы жок өзгөчөлөнгөн нацисттик илимдин кесепетине жараша ушул саам жагдай алда канча катаал болуп, анан да узакка созулуп калышы мүмкүн. Кана эмесе келгиле, шымаланып ишке киришели, башкалар ушул маалды Британия империясы менен Шериктештиги дагы мин жыл жашаса деле «Алардын жылдыздуу сааты ошол болгон эле!» деп эстеп, айта жүрүшсүн.
Черчилль андан бир жарым жыл өткөндөн кийин Перл-Харбор булунундагы америкалык флотко япондуктардын чабуул койгонун укканда кандай гана жеңилденүү сезгенин айтып берүү кыйын. Анткени Америка эми согушка «кулагынан батып», «кашык каны калганча» салгылаша турганына көзү жеткен. Черчилль ошол учурдан тартып союздаштар үчүн согуштун жеңиш менен бүтөрүнө күмөн санабай калган эле. Ал жеңишке чейин дагы үч жыл калганда эле, Европанын как жүрөгүнө Советтик армиянын жайгашканынан кооптонуп, анын согуштан кийинки келечеги жөнүндө ойлоно баштаган.
Британиялык шайлоочулар 1945-жылдын жеңиштүү жайын да Черчиллдин пайдасына добуш беришкен жок. Ошентсе да, ал 1946-жылдын 5-мартында Миссури штатындагы Фултондо жаңы аракет баштап, америкалыктардын жана бүткүл дүйнөнүн көңүлүн немистерден бошотуу шылтоосу менен Борбордук жана Чыгыш Европаны басып алгысы келген Советтер Союзунун армиясынын Европа элдери үчүн келтирген жан алчу коркунучуна бурду. Андан тышкары, Черчилль Экинчи дүйнөлүк согуштун урандыларынан бирдиктүү Европаны түптөө демилгесин көтөрүүгө аракет кылды. Айрыкча, 1946-жылы 19-сентябрда Цюрихте чыгып сүйлөп, мындай өткүр сөздү айткан:
-"Мен азыр силерди таң калтыра турган нерсени айтам. Европалык элдердин үй-бүлөсүн калыбына келтирүүнүн биринчи кадамы Франция менен Германиянын ортосундагы кызматташтык болушу керек. Мына ошондо гана Франция өзүнө Европадагы моралдык лидерликти кайтара алат. Франция менен Германиянын күчтүү акыл-оюна таянбай туруп, Европаны кайра жаратуу мүмкүн болбойт. Эгер ишке туура кирише турган болсо, анда болочок Европа Кошмо Штаттары өзүнчө алынган жалгыз бир өлкөдөгү жыргалчы лык маанисин жогото турган түзүлүшкө ээ болот». Андан да Черчиллдин алты жыл бою оппозицияда жүргөндөн кийин жазуучулук эмгеги менен материалдык жактан бакубаттанып, саясаттагы колдон чыгарып койгон лидерлигин калыбына келтирип, 76 жашында экинчи жолу кайрадан премьер-министр болгону таң калтырат. Премьерликтин төрт жылында Сталиндин мураскорлору менен Батыштын өлкөлөрүнүн ортосундагы чыңалууну азайтууга, кансыз согуштун шарттарында катастрофага жол бербөөгө аракет кылган.
Китеп Уинстон Черчиллдин Кошмо Штаттардын Конгресси жана Президент Жон Ф. Кеннеди тарабынан ыйгарылган Америка Кошмо Штаттарынын ардактуу жараны наамын алганда сыймыктанып сүйлөгөн сөзү менен бүтөт. Ошондо 88 жашка чыгып, алдан тайып калган чоң атам Вашингтонго бара албай, өмүрүндөгү эң акыркы болгон ушул сөздү анын атынан окуп коюуну өзүнүн жалгыз баласы Рэндольфтон өтүнөт. Meн 1963-жылы 9-апрелде Ак үйдүн жанындагы Роза багын да өткөн жана президент Кеннеди Уинстон Черчиллди кошмо Штаттардын ардактуу жараны деп жарыялаган эсте каларлык салтанаттуу аземде атамдын жанында элем. Чоң атамдын сөзү минтип аяктаган эле: "Ушул тынчы кеткен жана трагедиялуу мезгилде биздин ылымы жакын элдерибиздин өз ара мамилесинин ылдам өнүгүп жатканын өтө канааттануу менен байкап турам. Согуш маалындагы жолдоштук менен боордоштуктун деми тарыхта эч болгон эмес. Ийин ийинге жанаша туруп, бо тондукту коргоп, дүйнөнү куткарганбыз».
Уинстон С. Черчилль, 2002-жыл, 30-ноябрь
Китепти кыргызчалаган дипломат жана Кыргызстандын Улуу Британиядагы мурдагы элчиси Бактыгүл Каламбекова
Булак: NazarNews.kg