www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Үйүрдөн чыккандар» жарабайт

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетекчилери текши кызматтан алынды. Элге кызмат кылууну чет өлкөгө саякаттоо деп түшүнүп алышкан министр Таалайкүл Исакунова баш болуп, орун басарлары Лунара Мамытова, Зууракан Каденова, Жылдыз Полотова баары мамлекеттик саясатка төп келбеген кьлык-жосундарына байланыштуу иштен айдалышты. Бири чет өлкөдө мас болуп чаң салса, бири үй-бүлөсүн мамлекеттин эсебинен чет өлкөдө сейилдетсе, бири «Пенсияңарды чогултуп саякаттап акылыңар-ды өстүргүлө» - деп, өзү мамлекеттин казынасын какшытып эс алганына корстон болду.

Эми булардын чалмакей чалган иштерин оңдоого мыкты жетекчи келиш керек. Айрымдар ушул тармакты жетектеп кеткен, иш кылып кыйратпаган Кудайберген  Базарбаев келиш керектигин каңкуулап, пиарлашууда. «Үйүрдөн чыккандарды» кайра эле таңуулай берген болбойт. Башка жаңы муун келсин. Кан алмашсын...

Булак: "Фабула"

Последние новости