www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчу Шахман Сулейманов Түркиядагы турнирде кол күрөш (армрестлинг) боюнча дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган турнир кечээ, 15-октябрь күнү Анталия шаарында башталган. Мелдештин биринчи күнүндө 18-21 жаштагы спортчулар сол колду күрөштүрүү боюнча күч сынашты. Ал эми Ш.Сулейманов 60 кг чейинки салмактагы 14 спортчунун арасында таймашты. Ал атаандаштарынын баарын жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

«Муну менен үчүнчү ирет дүйнөлүк чемпионатка катыштым. Эңсеп жүргөн 1-орунду да багындырдым, бирок бул оңойго турган жок. Бизди колдогон бардык күйөрмандарга ыраазычылык билдирем», - деди ал сыйлоо аземи жыйынтыкталгандан кийин.
Аталган дүйнө чемпионатында 54 өлкөнүн 1203 спортчусу медалдар үчүн күч сынашууда деп жазат Турмуш кж.

Булак: NazarNews.kg
 

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости