www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түшүнөн чочудубу же бирөө түртмөлөдүбү айтор, "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин 11-октябрдагы жыйынында мындан дээрлик эки жыл мурун Дача-СУга кулаган учак маселесин көтөрүп чыкты. Эл өкүлү өз сөзүндө: "Дача-СУдагы окуя боюнча көп суроолорго жооп жок. Мисалы, бортто келген адамдардын саны так эмес. Бир адамдын өлүгү табылган эмес. Эмне үчүн ӨКМ кызматкерлери окуя болгон жерге 1 саат 40 минут кире алган эмес. Милиция кызматкерлери учак кулаган жерди курчоого алып, ӨКМ-дин куткаруучуларын киргизбей коюптур деп айтып жатышат. Бул кимдин жүгү болгон, ушул маселе боюнча иликтөө болуп жатабы, качан айтасыңар?" - деп оозду ачырды. Эки жыл мурун өзү кайда эле? Уктап калдыбы? Эми түштөн кийин, төө кыядан өткөн соң кылычын көтөрө чуркаганы күлкү келтиргең жорук эмеспи.
Булак: "Фабула"