www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уханда ыктыярчылар (волонтерлер), медайымдар менен дарыгерлердин коронавирус тууралуу айтып бергендери кызыгууну туудурууда. Алардын айтымында эпидемия менен күрөшүп жаткандыктан бир нече сутка укташкан эмес, жана убакытты үнөмдөө үчүн памперс кийим иштешүүдө. Бул тууралуу “Московский комсомолецке” шилтеме берүү менен чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышууда.

 Буга чейин оорунун очогу болгон Ухань шаарына дарыгерлердин армиясы жиберилгендигин жазган элек. Ошолордун ичинде медайым-Донг Тингтинг да бар болгон. 26-январда Ляонин провинциясынан Донг да Уханга барган.

Чачтарын кырууга буйрук берилди

Sports Network басмасы Ухандагы ооруканаларда 31  медайым чачтарын кырууга буйрук алышкандыгын айтты. Бул ооруканага Ухандагы дене табы эң жогору болгон  бейтаптар алынып келинет. Ооруканада 1 000 дарыгер эмгектенип, алар бейтаптар үчүн  700 койка даярдашкан.

Улук медайым медайымдардан чачтарын кырып салууну айткан. Буга 2 себеп бар: чач аркылуу коронавирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору; тыгыз жумуш графигинен чачты жууганга убакыттын тар болгондугу.

News Sina басмасы шанхайлык Дин Шиин аттуу медайымдын аңгемесин басып чыгарган.

Анда Дин: “Мен кантип коргоочу кийимди кийүү жана чечүү боюнча мобилдик инструктаж жазып чыктым. Эртеси коргоочу буюмдарды адаштырбоо үчүн уктагым келбей калды”,-деп билдирген.

Цзиньитань ооруканасындагы абалды медайым: “Жумушчу кийим жетишпегендиктен, эски кийимдерди кийгенге мажбур болдук”,-деп сүрөттөгөн.  

Ухань металлургиялык комбинатында диагноз коюучу бөлмөдө иштеген 37 жаштагы адис да Ухандагы кырдаал тууралуу айтып берди.

Ал: “Дээрлик бардык бейтаптар ооруканага изилдөөдөн өтүү учурунда жөтөл менен келишет. Демек, биз оору жуктуруунун эң алдыңкы коркунучунда турабыз. 10 күн мурда менин кесиптешим бул ооруну жуктуруп алып, отурган жеринде кулап түштү.

Ооруга шектелип биздин ооруканага декабрь айында алгачкы ирет киши катталган эле. Январдын башында мындай учур көбөйүп кетти. Алгачкы күндөрү 4-5 киши келсе, андан кийин 20дан ашып кетти. Абал курчуп кеткендигин билгенден кийин бет кап жана коргоочу кийимдерди өзүбүздүн эсебибизден сатып алдык.

Кадимки күндөрү 60-80 бейтапты кабыл алсак, январдын аягында 300гө жетти. Бирок азыр Ухандын бардык ооруканаларында абал ушундай оор. Уханда медициналык материалдар жана жабдыктар тартыш эле. Ошондуктан биз коргоочу көз айнек жана кийим таппай калдык. Жөнөкөй ак халаттарды кийип, жөнөкөй бет кап тагынып жүрүп иштеп жаттык. Кечээ мамлекет тарабынан материалдар, жаңы кийимдер келди. Каалоочулар Уханга каражат чогултуп, 5 000 коргоочу комплекттерди салып жиберишти.

Январда мен келинчегим менен балдарымды башка шаардагы туугандарымдын үйүнө жибердим, анткени жөтөлүп баштагам. Азыркы учурга чейин башка симптомдор каттала элек, башым айланып, жөтөлүп гана жүрөм. Шаарда коомдук транспорт токтогондон кийин мен жумушка велосипед менен 40 минут жол жүрүп келип жатам”,-деп айтып берген дарыгер.

В Ухане врачи после нескольких суток работы спят на своих рабочих местах, а медсестры даже бреются налысо — волосы могут стать источником инфекции. сурамы боюнча табылган сүрөттөр"В Ухане врачи после нескольких суток работы спят на своих рабочих местах, а медсестры даже бреются налысо — волосы могут стать источником инфекции. сурамы боюнча табылган сүрөттөр"В Ухане врачи после нескольких суток работы спят на своих рабочих местах, а медсестры даже бреются налысо — волосы могут стать источником инфекции. сурамы боюнча табылган сүрөттөрВ Ухане врачи после нескольких суток работы спят на своих рабочих местах, а медсестры даже бреются налысо — волосы могут стать источником инфекции. сурамы боюнча табылган сүрөттөр"

Эскерте кетсек, оорудан каза болгондордун саны 200гө чукулдап, 8 миң кишиге жуккандыгы маалым болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости