www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин коомдо гана парага берилген параны кайра паракорлор эле уурдап кете алат.
Дегенибиз, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Жанар Акаев жакында УКМКдан уурдалган 200 миң доллар тууралуу сөз кылды. Анда ал эгерде пара чындыгында уурдалбаган болсо, анда ал далил буюмдар эмнеге сотто көрсөтүлбөгөндүгүнө кызыгып, элге, сотко сериялык номурлары менен көрсөтүлсүн деди. “Парага берилип жатканда алынган параны кайра паракорлордун уурдап кеткени туура эмес. Биз мындайга жол бербешибиз керек”,- деп кошумчалады ал.
Белгилей кетсек, жалпыга маалымдоо каражаттарында УКМКдан кылмыш иши боюнча далил зат катары өтүп жаткан 200 миң доллар жоголуп кеткендиги маалымдалып, ал эми Улуттук коопсуздук кызматы (СНБ) убагында тергөө башкармалыгынын башчысы болуп иштеген адвокат Икрамидин Айткулов УКМКдан уурдалган 200 миң долларды атайын кызматтын кызматкери казиного уттуруп жибергендигин айткан.
Булак: NazarNews.kg