www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкекте күзөт бөлүмүнүн кызматкери кармалганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча, ИИМдин күзөт кызматынын Бишкек шаарынын Биринчи май району боюнча күзөт бөлүмүнүн кызматкери К.у.А. 2025-жылдын сентябрь айынан декабрь айына чейин айдоочулук күбөлүктү алууга көмөктөшөм деп ири суммадагы акча алган. Акча банктык тиркеме аркылуу которулган.
Буга байланыштуу 10-мартта ИИМдин ички иликтөө кызматынын катышуусунда милиционер кармалган. Ал УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.