www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусундагы мыйзамсыз колдонууда жүргөн 795 гектар айыл чарба жерлери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2000-жылдардын башында «системалык каттоо» иштеринин алкагында сөз болуп жаткан жерлер Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнө үлүшчүлөргө бөлүштүрүү үчүн берилген. Бирок жер тилкелери расмий түрдө каттоодон өтпөгөн жана бөлүштүрүлгөн эмес, натыйжада формалдуу түрдө ээсиз абалда калган.
Тиешелүү укуктук негиздин жоктугуна карабастан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жыйырма жылдан бери жерлерди тургундарга расмий каттоого киргизбей жана төлөмдөрдү бюджетке түшүрбөй ижарага берип келишкен.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардан натыйжасында жер тилкелери расмий түрдө Жаңы-Пахта айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.