www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
1,28 гектар аянтты ээлеген Өзгөн шаарындагы “Мал базары” мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында КР УКМК тарабынан Ош облусунун Өзгөн районунун аймагындагы жерлерди менчиктештирүүнүн мыйзамдуулугуна текшерүү иштери жүргүзүлдү.
Өзгөн шаарында жайгашкан 1,28 га жер аянтын "мал базары" үчүн мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы аныкталды. Ал 2002-жылы жеке менчикке сатылып кеткен.
Мындан тышкары, 2018-жылы Өзгөн районунун Кызыл-Дыйкан айылында жайгашкан жалпы аянты 0,70 гектар жер тилкеси мыйзамсыз менчиктештирилип кеткени аныкталган.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында жогоруда аталган жер тилкелери ыктыярдуу түрдө Өзгөн шаарынын мэриясынын жана Жазы айыл аймагынын балансына акысыз өткөрүлүп берилди.