www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдириди.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 23-мартында «Кадастр» МИ Сокулук филиалынын башчысынын орун басары Д.Б.Ж. жана укуктарды каттоо боюнча башкы адиси Т.А.А. кармалган.

Такталгандай, аталган адамдар жер участогунун баштапкы документтерин атайлап жасалма жол менен жасап, андан ары жеке адамдарга кайрадан каттоодон өткөрүү үчүн аянтын 1,7 гектарга көбөйтүшкөндүгү аныкталды. Аталган адамдардын мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 17 миллион сомдук зыян келтирилген.

Кармалгандар УКМК нын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тиешелүү тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости