www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактын колдонуучусу Кундуз Ажибекова Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине суракка чакырылды.

Бул тууралуу Ажыбекова өзү кабарлап, Facebook баракчасына чакыруунун сүрөтүн жарыялады. Ал суракка чакырылуусуна Фейсбук баракчасындагы билдирүүсү себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

"Ленин районунун акими Чынасыл Чыныбаев, МТУ-4 башчысы Бахтияр Канатбеков жана орун басары Рыскул Турсукеевге  кайрылуу жасаган мыйзамсыз иштери боюнча посттон кийин УКМКдан чакыруу келди", - деп жазды Ажибекова.

Кундуз Ажибекова социалдык тармакта саясий маселелерге байланыштуу оюн активдүү билдирип, бийликтин ишин сындаган постторду жазып жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости