www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 13-августунда А.К.аттуу жарандын кайрылуусу боюнча КР УКМК тергөө башкы башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш жаза кодексинин 326-беренеси (пара талап кылуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине сотко чейики өндүрүштүн негизинде катталды. Бул тууралуу маалыматты УКМКнын басма-сөз кызматы билдирди.

Такталгандай, Токмок шаардык прокуророунун улук жардамчысы жергиликт ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен биргеликте А.К.15 миң АКШ доллар өлчөмүндө пара талап кылган. Анда А.К. жодошу Кытай Эл Республикасынын жараны болуп, аталган ишканада мыйзамдуу эмгектннип жатканына карабастан, КР аймагында кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдү мыйзамсыз сатып алаган деп коркуткан. Ошондой эле, пара бербеген учурда чет элдик жаранды депорация кылуу максатында тергөө органдарына берүүчү материалдар бар экендигин айткан.

2019-жылдын 14-августунда КР УКМК ККК  Башкы прокуратурасынын ички тергөө бөлүмү менен биргеликте ыкчам-тергөө иш чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Токмок шаарында К.Т. 3 миң АКШ долларын алып алып жаткан учурда кармалды. Ошондой эле, ишкананын кызматкери М.Т. кызматкер тарабынан пара таалап кылуу жана алууда ортомчу болгону үчүн кармалды.

Кармалгандар УКМК убактылуу кармоочу жайына кармалды. Азыркы убакта тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости