www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК: Пара талап кылуу менен ИИМдин кызматкерлери кармалды

Пара талап кылуу фактысы менен ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

15-февраль күнү УКМК Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкери А.А. жана анын шеригинин жашаган үйүнө жана иштеген жерине санкцияланган тинтүү жүргүзүлдү.

"Такталгандай, 2020-жылдын ноябрь айынын аягында ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы Чүй облусунун Аламүдүн районунун жашоочусун 19 куту гашиш баңгизаты менен кармаган. Бирок кызматкер А.А. шектүүнү кылмыш жоопкерчилигине тартпоо үчүн ири суммадагы акча талап кылып анын бир бөлүгүн буга чейин алган. Ал эми баңгизат кызматкерде калган. Жүргүзүлгөн тинтүү иштеринин жыйынтыгында, А.А.нын кызматтык бөлмөсүнөн жапайы кара куурайдын жыты бар 2 баштык жана 14 даана белгисиз калибирдеги ок даарылар табылган. Кармалган А.А. атту кызматкердин жашаган жеринен Стечкин автоматтык тапанчасы, 9 мм калибрдеги 29 даана ок-дарылар, белгисиз куралдын магазини, 3 флэш-карта жана 2 CD-Диск, "жашыруун" жана "өтө жашыруун" деп белгиленген көптөгөн расмий документтер табылып алынган. Ошондой эле аталган А.А. жана Я.А. аттуу шеригинин жашаган жерине тинтүү иштери жүргүзүлүп, «Наган» револьверинин 7,62 калибриндеги 29 ок табылып алынган. Табылып алынган далил заттардын бардыгы тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. Жогоруда көрсөтүлгөн адамдар кармалган, бирок Чүй облусунун прокуратурасы кызматкерлерди камакка алуудан баш тартуу чечимин чыгарган", - деп жазылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости