www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улукбек Марипов:

Өсүмдүк майы, эт, күрүч жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары акыркы 6 айда кымбаттады. Бул тууралуу премьер-министр Улукбек Марипов өзүнүн фейсбуктагы баракчасында түз эфир учурунда билдирди.

Анын айтымында, азык-түлүккө болгон баанын өсүшү тууралуу толук маалымат бар.

"Мен өзүм деле буга чейин базарларды кыдырып, эл арасында айтылып жаткан маселелер тууралуу толук маалыматым бар. Суюк май, эт, күрүч жана социалдык маанидеги азык-түлүктөрдүн баалары акыркы 6 айда өстү. Суюк май 163%га кымбаттады. Анын себептери, эмнелер аткарылды, импорттон кымбаттадыбы? Ушунун баарын анализдеп, өкмөт мүчөлөрүнө тапшырма бердим", - дейт ал.

Марипов азык-түлүк жарманкесин жайылтып, өндүрүүчүлөргө шарт түзүү менен баанын бир аз түшүшүн камсыздоого болорун айтат.

"Андан сырткары, Айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министрлигине суюк майды эмнеге өзүбүз жүгөрү, семичке, сафлордон өндүрө албайбыз деген суроо коюлду. Кыргызстан суюк майдын 85%ын импорттойт, жок дегенде 50%ын өзүбүз өндүрөлү деген талапты койдум. Министрлик бул боюнча толук иш алып барат", - деди өз сөзүндө премьер-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости