www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаштар келсе эле оңдурат дегени ишеним бар эле. Садыр Жапаров октябрь башаламандыгынан соң бийликке келип бир топ иштеп жаткан адамдарды кызматынан бошотуп, ордун Ленин мамлекетти электрлештиргендей, Жапаров мамлекети “балашкалаштырып” жиберди. Ошолордун бири президенттин кеңешчиси Акылбек Жапаров ай-жылдызга теңеп кызматка алып келген, анын жардамчысы, 33 жаштагы Элмырза Үкүбаев болгон. Үкүбаев үкабыз депутат Акылбек Жапаровдо жардамчы болуп жүрүп, ичип-жегенди ой-да үйрөнгөн кыраан экен. Президентке кеңешчи Жапаровдун сүрөөсү менен Атамбаев Алмазбектин убагынан бери “Кыргызалтында” иштеп, Тогуз-Тородогу “Макмалалтындын” чуулгандуу иштерин басып келаткан Алмазбек Алимбековду кепек ордуна көрбөй 2020-жылдын 13-ноябрда  анын ордун тартып алат. 13-ноябрда “Кыргызалтын” ААКнын директорлор кеңешинин жыйынында Элмырза Үкүбаевди директорлор кеңешинин төрагасы кылып, дайындоо чечими кабыл алынган. Албетте, бир эмес эки Жапаров бата берип жатса, өзү “балашка” болсо, ал чоң кызматка келбегенде ким келет эле? Бул шүдүңгүт “балашка” Үкүбаев үкабыз толук үч ай иштей электе эле жаштарды уят кылып кекиртегин тыя албай,  коррупция беренеси менен кармалып отурат. Үйрөткөнү Жапаров болсо, үйрөнгөнү Үкүбаев эмнени жасамак эле?

Кыргызалтын ААК Башкармалыгынын Төрагасы Үкүбаев мансапка тургандагы карызынан кутулайын дегенби? Мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында, КР УКМК ККК Кыргызалтын ААК Башкармалыгынын Төрагасы Үкүбаев тарабынан алтын казуучу ишканалардын айрым жетекчилеринен пара талап кылуу жана акча каражатын алуу системалуу фактылары аныкталды.

Аталган Үкүбаев алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүн кызматтан алам деген коркутуу менен, эмгек акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүнү талап кылган. 2021-жылдын 12-февралында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында, 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан учурунда Үкүбаев кармалды. Учурда, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Кыргызалтындын жетекчиси тарабынан опузалап пара алуу сыяктуу фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө 2021-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Үкүбаев Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

2021-жылдын 13-февралында Биринчи май райондук соту «Кыргызалтындын» төрагасы Үкүбаев пара талап кылуу боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин карап, УКМКнын тергөө камак жайына эки айлык мөөнөткө 2021-жылдын 12-апрелине чейин камоо туралуу баш коргоо чарасы тандалды. Тергөө иштеринде «Кыргызалтын» ААК башкармасынын төрагасы Үкүбаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, ай сайын алтын өндүрүүчү компаниялардын биринин директорлор кеңешинин мүчөсүнүн эмгек акысынын 75% пайызын ага өткөрүп берүүнү талап кылганы аныкталды.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Үкүбаев жана «Кыргызалтын» ААКнын башка кызмат адамдары тарабынан пара талап кылуу сыяктуу башка фактыларды аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Үкүбаев ага чейин "Кыргызалтын" ААК төрагасы Элмырза Укубаев "Макмал Голд" компаниясынан келген социалдык пакетти ишке ашыруу боюнча үч тараптуу жолугушуу өткөрүмүш болгон. Жолугушууга "Кыргызалтын" ААКнын жетекчилиги, 5 айыл өкмөтүнүн башчылары, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун акими Улан Имамбердиев, "Макмал Голд Компани" ишканасынын директору Сю Линь катышкан. Жолугушуунун негизги маселеси компания тарабынан жүргүзүлүп жаткан социалдык пакеттин жана кадрдык саясаттын аткарылышы болду. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү жалпысынан “Макмал” кенин иштетүүнү колдой тургандыктарын, ошого карабастан, биринчи кезекте, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жумушка орношууга жана ачык-айкындуулук принциптерин сактоого көңүл бурууну сунушташты. Компаниянын өкүлдөрү өз кезегинде бул маселе алар үчүн артыкчылыктуу маселе экендигин жана жумушка алууда тыкыр тандоо жүргүзүү пландаштырылып жаткандыгын билдиришти. 

Белгилей кетсек, “Макмал Голд Компани” ишканасы тарабынан тартылган подрядчиктер дагы аймактын өкүлдөрү. Тараптар ошондой эле аталган административдик аймакта аары багып, бал өндүрүү боюнча долбоорлорду ишке киргизүүнү тездетүү жана эт комбинатын куруу боюнча маселелерди талкуулашты. Талкуунун жүрүшүндө тараптар көптөн бери чечилбей келе жаткан фундаменталдык маселелер боюнча бир пикирге келишти.

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана «Кыргызалтын» ААК уруксат берүүчү документтерди чечүүдө ар тараптуу жардам көрсөтүшөт. Ал арада, “Макмал Голд Компани” материалдарды сатып алууга жана курулушка керектүү каражаттарды өз убагында бөлүп берүүгө милдеттенет. Биз инвестор менен жергиликтүү жамааттын ортосундагы ачык диалогду жүргүзүү саясатын карманабыз. Бардык актуалдуу маселелер жергиликтүү калктын пикирин эске алуу менен консолидацияланган түрдө чечилиши керек деп эсептейм. Ошондо гана биз өз ара пайдалуу өнөктөштүккө келе алабыз", - деген "Кыргызалтын" ААКтын жегич башчысы Элмырза Укубаев.

Жакында эле дагы бир жапжаш жигит Садыр Жапаровду жандап жүргөн Мелис Аспеков ишкананын жетекчилигине каршы митингдерди уюштуруу коркунучу менен 250 миң доллар талап кылып жатып колго түшкөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости