www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Яндекс.Такси Корп» ЖЧКсы тарабынан өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Атайын кызмат тарабынан 29-ноябрында өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Яндекс. Такси Корп» ЖЧКнын жана анын өнөктөштөрүнүн кеңселеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн.
Тактап айтканда, «Яндекс. Такси Корп» жана анын өнөктөштөрү КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан бир нече жолу көрүлгөн чараларга карабастан, жеке ташуу (такси) менен алектенген автомашиналардын айдоочуларына пайыздык чендерди негизсиз жогорулатышкан, буга байланыштуу такси кызматынын баасы жасалма түрдө жогорулатылып жатат.
Учурда кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн аталган мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
УКМК ишкердик субъекттерине КР мыйзамдарын бузуу жана жарандардын кызыкчылыктарын эске албастан, көрсөтүлүүчү кызматтардын баасын жасалма жогорулатууга жол берилбестигин эскертет.