www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМКнын Ноокен райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулду

УКМКнын Жалал-Абад облусундагы Ноокен райондук бөлүмүнө жаңы имарат курулуп, бүгүн, 12-сентябрда пайдаланууга берилди. Имараттын ачылыш аземине УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев катышты. Аземге атайын кызматтын ардагерлери, аймактагы өздүк курам жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү да чакырылды.

Генерал-лейтенант Камчыбек Ташиев кызматкерлерди заманбап, бардык тийиштүү шарттар менен камсыздалган имаратта иш алып барууда мыйзамды так сактоо, өлкөнун коопсуздугу үчүн коюлган талаптарды так аткаруу зарылдыгн эскертти.

Мындан ары дагы өлкө аймагында атайын кызматтын жергиликтүү бөлүмдөрүнө зарыл болгон бардык шарттар түзүлөөрү айтылды. Жакынкы кундөрү дагы бир катар райондордо жаңы имарттар пайдаланууга берилмекчи.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости