www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын мурдагы Тышкы иштер министри Хамрахон Зарифи УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге кайтарды. Бул ирет ал кайрылуусун дипломатиялык жактан салмактап, сылык жана сыпаа жооп бергенге аракет кылган. Ал өз сөзүндө Камчыбек Ташиевге Тажикстандын бир бөлүгү болгон Ворух элин Тажикстандан бөлүп карабоону сунуштаган.
“Мен улуу кыргыз эли, алардын байыркы тарыхы жана бай маданияты жөнүндө эч качан жаман сөз айткан эмесмин. Биздин элдер кошуна катары гана эмес, туугандык байланыштарга дагы ээ. Биз бардыгыбыз кыргыз элинин баатырдык эпосу, анын башкы каарманы Манас жана анын жубайы Каныкейди жакшы билебиз. Менин боордош Кыргызстан элинин тарыхы, маданиятына болгон сый-урматым жогору. Бул өлкөдө менин көптөгөн кадырлуу досторум бар. Мен ар дайым боордош кыргыз элине бейпилдикти, өсүп-өнүгүүнү, тынчтыкта жашоону, оор күндөрдө өз ара жардамдашууну жана бири-биринин кубанычын ар дайым бөлүшүүнү каалайм”, – деп кайрылуу калтырган Хамрахон Зарифи.
Булак: NazarNews.kg